20-23-июль аралыгында АКШ Мамлекеттик департаменттик расмий өкүлдөрү беш Борбор азия мамлекеттеринин жогору даражадагы делегациялары менен Казакстандын Алматы жана Өзбекстандын Ташкент шаарларында «С5+1» форматынын алкагында: Айлана чөйрө, экономикалык алака-катнаш жана коопсуздук жаатында өнүгүүнү талкуулоо үчүн үч иш тобунун карамагында жолугушууларды өткөрүштү.
«C5 + 1» форматы аймактык негизги дипломатиялык аянтча болуп эсептелет. Ал аркылуу Кошмо Штаттары Борбор азиянын беш өлкөсү менен бирдикте экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү, экологиялык көйгөйлөрдүн таасирин басаңдатуу жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты бекемдөө үчүн иш алып барышат.
Мамлекеттик катчынын экономикалык маселелер боюнча жардамчысы Маниша Сингх АКШ делегациясын Экономикалык алака-катнаш боюнча Иш тобун Алматыга 20-июлда жетектеп келди. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Сингх соода мамилелери жана карым-катнашты бекемдөө тууралуу пикир алмашууну алып барып, анда сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары «C5 + 1» форматынын учурдагы экономикалык долбоорлорун карапчыгып, келечектеги катышуунун мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор азия боюнча жардамчысынын орун басары Генри Эншер 20-июлда Алматыда орун алган Айлана чөйрө боюнча иш тобундагы АКШ делегациясын жетектеген. Анда «C5 + 1» форматы үчүн Борбор азиялык аймактык электрэнергетикалык базардын (CAREM) долбоору тартууланган.
23-июлда Ташкент шаарында, Эншер мырза кайрадан АКШ делегациясын, коопсуздук боюнча Иш тобуна баш болгон. Анын катышуучулары аймактагы террорчулукка каршы күрөштү, жана чек ара коопсуздугун талкуулашкан. Мындан тышкары, аймактагы экстремизге каршы күрөш, жана Иш тобунун коомчулуктун экстремиздин зомбулукка айланышына бөгөт коюудагы ролуна бет алган алгачкы эки долбоорун да талкууга алышкан.