Flag

An official website of the United States government

C5+1 лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү
Тарабынан
13 МИНУТ ОКУЛДУ
October 6, 2023

Расмий эмес котормо 

C5+1 лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү 

Нью-Йорк декларациясы: коопсуздук, экономикалык жана энергетикалык өнөктөштүк аркылуу C5+1 туруктуулугуна жол 

Ушул жумада биз – Америка Кошмо Штаттарынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын президенттери – тарыхта биринчи жолу болуп өткөн С5+1 Президенттик саммитинде Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жүрүшүндө жолугуштук жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн төмөнкү принциптерин карманууга милдеттендирилебиз. 

Өнөктөштүк аркылуу туруктуулукка карай 

Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерин бекем сактоого туруктуу умтулуу менен биздин биргелешкен өнөктөштүгүбүз бардык мамлекеттердин көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого негизделген. Биз 2015-жылы С5+1 министрлеринин биринчи жолугушуусунан бери жалпы максаттарга жетишилген олуттуу прогрессти баалайбыз. 2022-жылы С5+1 Катчылыгынын жана Экономика, энергетика, айлана-чөйрө жана коопсуздук боюнча жумушчу топтордун түзүлүшү биздин кызматташуубузду ого бетер тереңдетти. Биз C5+1 платформасы аркылуу өнөктөштүктү өркүндөтүүгө умтулабыз. 

Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен биз аймактын татаал чакырыктарын жана пайда болуп жаткан коркунучтарды чечүү үчүн туруктуу кызматташуу боюнча бир пикирдебиз. Биргелешип, биз глобалдык чакырыктарга аймактык чечимдерди издөө боюнча C5+1 максатын кабыл алабыз. Биз биргелешип Борбор Азиядагы коопсуздукту чыңдоо, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларга берилгендигибизди ырастайбыз. 

Биздин жалпы көз карашыбызга жетүү үчүн өз ара урматтоого жана элдерибиздин алдындагы жоопкерчиликке негизделген туруктуу өнөктөштүк зарыл. Бул амбициялуу күн тартибин кабыл алуу Америка Кошмо Штаттары менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын кийинки бөлүмүн билдирет жана андан ары С5+1 механизминин маанилүүлүгүн баса белгилейт. 

Кеңейтилген коопсуздук боюбнча кызматташтык 

Биз коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү жалпы аймактык коопсуздук чакырыктарын чечүүнүн жана Борборк Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактоонун зарыл негизи катары ырастайбыз. Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия үчүн коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн маанилүү фактору бойдон кала берээрин моюнга алуу менен, биз коргонуу, укук тартиби жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташууга умтулабыз. Биз кызматташууну, кеңири маалымат алмашуу жолу менен тереңдетүүгө болгон ниетибизди ырастайбыз; анын ичинде чек ара коопсуздугу жана коопсуз миграция боюнча кызматташуу; Сириянын түндүк-чыгышындагы жарандардын мекенине кайтарылышын колдоо; терроризмге каршы күрөшүү жана зордук-зомбулукка алып баруучу радикалдашуунун алдын алуу боюнча мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү. Бул узак мөөнөттүү күч-аракеттер көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү талап кылат жана Борбор Азиянын лидерлери АКШнын коопсуздук боюнча жардам көрсөтүү аспабтарын жана башка ресурстарын АКШ менен Борбор Азиянын коопсуздук боюнча өнөктөштүгүн колдоо жана өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу милдеттенмесин кубаттайт. C5+1 мүчөлөрү бул маселелер боюнча, анын ичинде министрлер деңгээлинде диалогду кеңейтүүнүн пайдасын түшүнүшөт. Акыр-аягы, аймактагы бардык өлкөлөр жана кеңири эл аралык коомчулук терроризмден таза, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде аялдар менен кыздарды сыйлаган, жана бардык этникалык, диний жана саясий топтордун өкүлдөрүн камтыган өкмөттү түзгөн, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган эгемендүү жана өз алдынча Ооганстанды колдоону улантууга тийиш. Биз мындан ары Борбор Азияны Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин жайылтуучу тынчтыктын, ишенимдин жана кызматташтыктын аймагы катары таанууну колдой турганыбызды ырастайбыз.  

C5+1 Экономикалык жана энергетикалык коридору 

Узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулукту негиздөөчү шарттарды бекемдөө дүйнөлүк рынокторго жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана Борбор Азияга, анын ичинде жашыл экономикага туруктуу эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн зарыл. Бул өз кезегинде аймакка динамикалык соода коридору аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүштү ачууга шарт түзөт. Бул максатта биз аймактык кызматташтыкты жана байланышты тездетүүгө чечкиндүүбүз жана АКШнын жеке секторунун соодасы жана Борбор Азиядагы инвестициясы үчүн, анын ичинде туруктуу нормалдуу соода мамилелерине карай аракеттенүү аркылуу жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча күч-аракеттерди илгерилетүүгө милдеттенебиз. Биз альтернативалуу соода жолдорун өркүндөтүү, АКШ менен Борбор Азиянын бизнесинин жаңы байланыштарын жеңилдетүү жана англис тилин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча тренингдерди алган жаш адистердин аймактык тармагын түзүүнү көздөп жатабыз. АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) – АКШнын Соода палатасынын филиалы – C5+1 дипломатиялык платформасын толуктоо жана АКШ-Борбор Азия экономикалык байланыштарын чыңдоо үчүн жеке сектордун бизнес платформасын түзүүнүн үстүндө иштешет. 

Транспорттук каттамдарды диверсификациялоо үчүн Транскаспий соода жолуна же “Орто коридорго” инвестиция тартууну жана өнүктүрүүнү, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны жана Борбор Азияны Түштүк Азия менен байланыштырган транспорт багыттарын кеңейтүүнү улантуу зарыл. C5+1 экономикалык максаттарына жетишүү үчүн Глобалдык инфраструктура жана инвестиция боюнча өнөктөштүк (PGI) экономикалык өнүгүүнү, энергетикалык коопсуздукту жана Орто коридордун байланышын тездетүү үчүн инфраструктуралык инвестицияларды масштабдоо мүмкүнчүлүктөрүн баалайт. Биз PGI приоритеттери боюнча инфраструктураны, анын ичинде маанилүү транспортту колдоо анын ичинде таза энергия жана маанилүү минералдарды жеткирүү чынжырлары жана санариптик байланыш үчүнАКШнын Мамлекеттик департаменти, Өнүктүрүү Финансы Корпорациясы, АКШнын Экспорт-Импорттук Банкы жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу жеткиликтүү экономикалык аспабтарды колдонууга даяр экенибизди ырастайбыз. Биз ошондой эле аймактык экономикалык кызматташуу боюнча диалогубузду улантабыз жана октябрда өтүүчү USAID C5+1 Байланыш министрлер аралык жыйынында С5+1 өлкөлөрүнүн инклюзивдик, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча конкреттүү иш-аракеттерин талкуулайбыз. 

Биз ошондой эле инвестицияны жана С5+1 өлкөлөрүндө инклюзивдик экономикалык өсүштү камсыз кылуучу бизнес-чөйрөнү колдоо үчүн эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктү колдонууну көздөп жатабыз. Бул климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык чакырыктарды чечүүгө инвестицияларды тартуу үчүн Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын жаңы инновациялык каржылоо механизмдери аркылуу жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын капиталын көбөйтүүнү колдоо аркылуу кирет. 

Энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү 

Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо үчүн биз энергиянын жаңы экспорттук жолдорун диверсификациялоо жана кеңейтүү жана дүйнөлүк рынокторду ишенимдүү камсыздоо үчүн аймактык энергетикалык системаларды интеграциялоого умтулабыз. Биз ошондой эле таза энергия өндүрүүнү, метандын көлөмүн азайтуу долбоорлорун, туруктуу гидроэнергетикалык кубаттуулукту өнүктүрүүнү жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду, өзгөчө, энергетикага өтүүгө багытталган мамлекеттик жана жеке каржылоону мобилизациялоо аркылуу күч-аракеттерди эки эсеге көбөйтүүгө милдеттенебиз. USAID Power Central Asia сыяктуу C5+1 долбоорлору аркылуу АКШ жана Борбор Азия мамлекеттери аймактык, таза энергия соодасынын жана таза экономиканын келечегинин экономикалык пайдасын ачышат. Биз дүйнөнү коопсуз жана туруктуу ядролук отун менен камсыз кылуу аркылуу, анын ичинде глобалдык таза энергияга өсүп жаткан талаптарды канааттандыруу потенциалын өнүктүрүү үчүн кызматташууну тереңдетүүгө умтулабыз. Биздин аймактын энергетикалык коопсуздугуна көңүл буруубуз ар түрдүү, туруктуу жана коопсуз маанилүү минералдарды жеткирүү чынжырларын курууну камтыйт; чийки затты казып алуунун жана кайра иштетүүнүн жаңы технологияларын иштеп чыгуу; жана стратегиялык көз карандылыкты азайтуу жана биздин тиешелүү экономикалык, энергетикалык коопсуздук жана климаттык максаттарга жооп берүү үчүн аймактык өнөр жай кызматташуусу аркылуу баалуулуктарды кошуу. Таза энергия жана башка технологиялар үчүн зарыл болгон маанилүү минералдарга суроо-талап жакынкы он жылдыктарда кыйла кеңейет. Борбор Азиянын эбегейсиз кен байлыктарын андан ары өнүктүрүү жана маанилүү кендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз C5+1 Критикалык минералдар диалогун ачабыз. Бул форум уюштурууну талап кылат, анда C5+1 пайдалуу кендердин маанилүү көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат бөлүшө алат, мамлекеттик кызматкерлер менен жеке сектордун өнөр жайынын ортосундагы байланышты илгерилете алат, инвестицияны катализдейт жана маанилүү минералдарды жеткирүү чынжырларында кызматташа алат. 

Биз Борбор Азиянын суу коопсуздугун жана айлана-чөйрөнүн сапатын жогорулатууга инвестиция салып, азык-түлүк коопсуздугу, санитария, айыл чарба жана энергетика секторунун байланыштарын эске алуу менен суу жана экология маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты арттырууга аракет кылып жатабыз. USAIDдин Борбор Азиядагы программалары суунун агып киришин жана агып чыгышын жакшыраак болжолдоо, маалыматтардын сапатын жана маалымат алмашууну жакшыртуу, климатка ылайыкташкан айыл чарбаны өнүктүрүү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн жашоо чөйрөсүн, анын ичинде кар баскан аймактарды сактап калуу үчүн метеорологиялык программаларды, тренингдерди жана стипендияларды камсыз кылды. Биз туруктуулукту, экономикалык гүлдөп-өнүгүүнү жана региондун экосистемасынын ден соолугун чыңдоо үчүн Борбор Азияда суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү максатында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтулуубузду ырастайбыз. USAIDдин аймактык суу жана аялуу чөйрө программасы аркылуу биз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө суу, энергетика, азык-түлүк жана экологиялык муктаждыктарга бир эле учурда тиешелүү жумшартуу, адаптация жана туруктуулук чараларын көрүү үчүн кызматташууну пландаштырып жатабыз. Андан ары, биз мөңгүлөрдү сактоону колдообузду ырастайбыз жана коомчулуктун адаптацияланышы үчүн потенциалды жогорулатууга милдеттенебиз. 

Эл аркылуу өнөктөштүк 

Биздин эң бай мамилелерибиз элдерибиздин ортосунда жана биз C5+1 иш-чараларынын бардыгына адамдык чен-өлчөмдү киргизүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Биз мыйзамдын үстөмдүгүн жана демократиялык башкарууну илгерилетүү үчүн биргелешип иштөөгө берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайбыз. Биз АКШ менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштарды билим берүү потенциалын жогорулатуу, кесиптик билим берүү, жаштарды өнүктүрүү жана алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн колдоо аркылуу колдоону жана бекемдөөнү улантабыз. Биз регионалдык байланышты жана маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү жогорулатуунун каражаты катары Борбор Азиядагы жана Афганистандын ар кайсы жеринен келген студенттерге билим берген Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларына колдоо көрсөтүүнү улантууга чечкиндүү бет алып турабыз. Мындан тышкары, биз биздин өкмөттөрдү маданий, билим берүү, илимий жана социалдык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүү жана элдер менен тыгыз байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого чакырабыз. Биз адам укуктарын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоого умтулуубузду ырастайбыз. 

Өнөктөштүктүн жаңы атмосферасына карай 

Биз С5+1 алкагындагы өнөктөштүктүн жаңы атмосферасын тааныйбыз, форматтын баалуулугун дагы бир жолу тастыктайбыз жана үзгүлтүксүз диалог жана биргелешкен аракеттер аркылуу кызматташтыкты, аймактык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө милдеттенебиз. Бул Саммиттин жүрүшүндө кабыл алынган милдеттенмелердин тамыры бир кыйла туруктуу, коопсуз жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азияга карата жалпы көз карашка негизделген. Биз бул милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн иштеп жатып, инклюзивдүү гүлдөп-өнүгүүгө жана коопсуздукка көмөктөшүү үчүн ишенимге негизделген туруктуу жолду моделдөөгө умтулабыз. 

Бул биргелешкен көз караш бизге C5+1 өнөктөштүгүнүн тарыхындагы эң ырааттуу мезгилге киргенибизге багыт берет. Бул максатта биздин командалар үзгүлтүксүз, эки тараптуу жана жамааттык түрдө жолугушат жана соода, энергетика, климат жана коопсуздук сыяктуу темалар боюнча С5+1 министрлер жолугушуулары аркылуу өз ара аракеттенишибизди улантууга милдеттенебиз. Биз пайда болгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги диалогду улантууга жана биздин өнөктөштүгүбүз элибиз үчүн практикалык натыйжаларды берүүсүн камсыз кылууга аракет кылабыз. 

 

21-сентябрь, 2023-жыл 

  

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 

Түркмөнстан Президенти Сердар Бердымухамедов 

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джозеф Р. Байден 

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев  

 

###