Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандык кийим тигүүчү ишканалар менен эл аралык ритейлерлердин жана сатып алуучулардын баарлашуусу үчүн форум өткөрдү. “Технологиялар, инвестициялар жана мүмкүнчүлүктөр” – аттуу форумда 20дан ашуун Европа жана Россиялык соода белгилердин өкүлдөрүнүн, эл аралык кийим тигүү жабдыктарынын өндүрүүчүлөрүнүн жана Кыргызстандык кийим тигүүчү ишканалардын башын бириктирди. Иш чарада кийим тигүүдөгү акыркы, эң жаңы технологиялардын көргөзмөсү өтүп, жана ошондой эле, эл аралык ритейлер, инвесторлор менен Кыргызстандык ишканалар өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар өттү.
Форумда кийим өндүрүүдөгү заманбап технологиялардын презентациялары өтүп, алардын Кыргызстандык кийим тигүүчү ишканаларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратаары белгиленип, ишканалардагы өнүмдүүлүктү сатуучулардын талаптарына ылайык жогорулатууга кандай таасир этээри жана кардарлардын муктаждыктарын жакшы түшүнүүгө өбөлгө түзөөрү айтылды. Форумда Кыргызстандык ишканалардын жараткан кийимдеринин көргөзмөсү менен аяктады. Европалык жана Россиялык соода белгилердин өкүлдөрү соода байланыштарды камсыздап келечекте мындан бекем мамиле түзүү жана тыгыз кызматташуу мумкүнчүлүктөрүнө жетүү үчүн Кыргызстандык ишканалардын ээлери менен жолугушууларды өткөрүштү.
Форум, 20 миллион доллар нарктуу “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоорунун аяктоосун белгиледи. Бул долбоор 4 жыл ичинде Кыргызстандын экономикасынын туризм, курулуш материалдар жана кийим тигүү тармактарын бекемдеп, теңтайлаштыгын камсыздаган. Бул убакыт аралыгында, аталган долбоор Кыргызстандык кийим тигүүчү ишканаларды эл аралык кардарларга таанытып, натыйжада 8 ишкана жалпы наркы 3 миллион долларга тете келишимге кол койгон. Андан тышкары USAID BGI долбоору, соода-сатык келишимдерине кол коюууда зор мааниге ээ болгон, ритейлердин кийимдердин 1000ден ашуун түрүн жергиликтүү ишканаларга тиктирүүнү камсыздады. Бул демилге алгачкы буюртмаларды алууга чоң өбөлгө түзөт.
Долбоор 11 Европалык дүкөнгө соода сапарларын уюштуруп, ар бири 300 дөн ашуун дүкөнү бар 8 сатып алуучулар менен келишимге жетүүгө көмөктөшкөн. Форумда USAID BGI долбоору анын ишин улантып кетүүчү Бишкек Кийим тигүү өнөр-жай борборуна өткөрүп берди.
Эл аралык рынокторго кирүүгө көмөктөшүү аракети менен бирге, USAID жакында эле “Салкын” ишканасына жабдууларды алууга субсидия камсыздап берген. “Салкын” ишканасынын жаңы фабрикасынын расмий ачылышы 22-июнда өттү. “Салкын” менен кызматташуунун алкагында, USAID имаратты жаңылап жана алдыңкы үлгүдөгү өндүрүштүк жогорку ылдамдыктагы 98 кийим тигүү машина менен камсыздаган. Бул жабдыктар өндүрүштү 70%га жогорулатып, 200 жаңы иш орунун түзгөн.