АКШ Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал Кыргыз Республикасына келүүдө

АКШ Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал 8-9-сентябрда Бишкекке келмекчи.  Ал  Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, ишкерлер жана студенттер менен жолугуп, Түштүк жана Борбордук Азия менен алакалардын өсүшүн жана улантылган кызматташуулардын, анын ичинде ишкер коомчулугун колдоо маселелирин талкууламакчы.

Бул сапар жөнүндө маалымат алуу үчүн Мамкатчынын жардамчысынын @NishaBiswal жана Түштүк жана Борбордук Азия бюросунун @State_SCA баракчаларын көрүңүздөр.