Бишкек, Кыргызстан – 27, 28-апрель күндөрү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы туризм багыттарын жана жаңы түзүлгөн туристтик сунуштарды Казакстан, Тажикистан жана Өзбекстандын туроператорлоруна таныштыруу максатында эки күндүк форум өткөрөт. “Discover Kyrgyzstan: жаңы багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар” аттуу форумда бүткүл Кыргызстандан 200 дөн ашуун туроператор жана туристтик уюмдар Борбор Азиялык кесиптештери менен байланышуу максатында бир аянтчада чогулушат.
Форум презентациялар менен башталып, Кыргызстандын көчмөн эл маданиятын чагылдырган салбуурун, кыргыз улуттук тамак-аштары, кол өнөрчүлүк жана тоодо жөө жүрүш, велосипед үстүндө жана ат үстүндө сейилдөөгө багытталган 2 миң чакырымдан ашуун 50 маршрут сыяктуу жаңы туристтик сунуштардын бет ачары менен коштолот. Конокторго беш бармак, плов, ашлян-фу жана боорсок сыяктуу көп маданияттуулукту чагылдырган “тамак-аш турларын” көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш-чарада андан сырткары боз үйлөр тигилип, алардын ичинде кыргызстандык туризм компаниялары жана уюмдар өздөрүнүн сунуштарын тартуулашат.
Иш-чаранын экинчи күнү мастер-класстарга жана өз ара баарлашууга арналат. Туризм тармагындагы эл аралык адистер социалдык тармактар аркылуу маркетинг, кардарларды тейлөөнү жакшыртуу ыкмалары жана эл аралык туристтик рыноктордо Кыргызстандын уникалдуу туристтик сунуштарын жайылтуу тууралуу айтып беришет. Баарлашуу жана өнөктөштүк түзүү учурунда борбор азиялык коноктор жергиликтүү туризм тармагындагы ишмерлер жана уюмдар менен жолугушууларды өткөрүп, Борбор Азия боюнча биргелешкен турларды түзүү аракетин көрүшөт.
Форум 27-апрель күнү, Hyatt Regency Бишкек мейманканасында саат 8:30да каттоо менен башталат.
Журналисттерди аккредитациялоо жана кошумча маалымат алуу үчүн “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси долбоорунун” коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Улукбек Аданбев менен байланышыңыз (0772 525152, ulukadanbayev@gmail.com)
Форум “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Аталган 20 млн АКШ долларлык долбоор Кыргызстандын экономикасындагы туризм, кийим тигүү өнөр жайы жана курулуш материалдар секторлордогу атаандаштыкты жогорулатууга багытталган.