Кыргыз Республикасы: 1993-жылкы эки тараптуу келишиминен баш тартууга жооп катары АКШнын колдоо иш аракеттеринин көрүнүктүү натыйжалары

Төмөнкү тизме биздин 25-июлда чыгарылган билдирүүбүзгө кошумча Кыргыз өкмөтү жана Кыргызстандын эли АКШ тарабынан көрсөтүлгөн жардамдан пайда көргөн мисалдарын камтыйт:

Демократия, мыйзамдын үстөмдүгү жана жарамдык коом:

  • USAID Жогорку Кеңеш даярдаган мыйзамдардын сапатын жакшыртуу максаты менен биринчи орусча-кыргызча мыйзам чыгаруу терминдеринин сөздүгүн чыгарылышын колдоду.
  • USAIDтин колдоосу менен  Жогорку Кеңеш эл астындагы өзүнүн жооптулугун жана ачыктыгын Пресс-борборун уюштуу, маалымат брошюраларын орус, кыргыз, англис жана Брайль тилдеринде чыгаруу, аккредитацияланган жана ишине умтулган журналисттерди Жогорку Кеңештин ишин коомчулукка жеткирүү боюнча окутуу өткөрүү менен өркүндөттү.
  • USAID 100-дөн ашуун коомдук угуу, саясат жөнүндө семинар жана башка коомдук иш-чараларды колдоп, жарандар менен парламент мүчөлөрүнүн ортосундагы байланышты өткөзгөн жана 15 коомдук кабылдаманын ишин колдогон. Бул иш чаралар депутаттардын элдин таламдарын көрсөтүү жарамдуулугун жогорулатты.
  • USAID Юстиция министрилиги менен бирге адвокаттарды компютерлешкен квалификациялоо сынактан  өткөрүү системасын түздү.  Бул адилеттүү сыноо системасынын биринчи сынагы  2014-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн.
  • USAID сот чечимдерди жарыялап сот системасынын ачык-айкындыгын кеңейткен Жогорку соттун www.sot.kg интернет порталына колдоо көрсөткөн.
  • USAID Мамлекеттик салык кызматы менен биргелешип Араван жана Дордой базарларында салык тейлөө  борборлорду  жаңырткан.  Ал борборлор, 2014-жылдын биринчи кварталы менен салыштырмалуу, патенттердин берилишин 800 пайызга, мүлк салык төлөмдөрдүн 2,5 эсе көбөйттү жана 523-кө көбүрөөк салык декларация иштеп чыгарды.
  • 2011-жылдан бери, USAIDтин программалары аркылуу кулчулукка кабылган 149 адамга медициналык жана социалдык жардам алганга шарт түзүлгөн.  Адамды алып сатууну токтотуу максаты менен уюштурулган ишеним телефон (0800 0000 189) аркылуу 13 394 консультация берилген.

Авиация тармагында:

  • Жарандык авиация агенттиги (ЖАА) менен өнөктөштүктө USAID ЖААнын аба коопсуздугу процедураларын эл аралык стандарттарга келтирүү жана Кыргыз авиациясы Европа биримдигине түздөн-түз учканга уруксатты кайра алуу максатында жаңы Аба кодексти даярдап кабыл алганга жардам берди.  Эми USAID ушул жетишкендиктерди бекитүү үчүн бир нече юридикалык, регулятивдик жана техникалык иш чараларды демилгелеп турат.  Эске салып кете турган нерсе – азыркы маалда кыргыз учактарынын Европа биримдигине учканга уруксаты жок.  Бул факт Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүүсүн жана кыргыз жарандарынын бизнес жана саякат мүмкүнчүлүктөрүн кескин түрдө чектөөдо.

Энергетика тармагында:

  • USAIDтин жардамы менен Энергетика жана өндүрүш министрли “Энергерика жөнүндө” мыйзамына оңдоолорду даярдаган.  2014-жылдын август айында киргизилген оңдоолор энергетика тармагын башкарууну жакшыртууга жана тышкы инвесторлорду тартууга жол ачаууда.

Экономика тармагында:

  • USAID Кыргызстандын тоо өнөр жай тармагын өнүктүрүү улуттук стратегиясын иштеп чыкканга Экономика министрлигине жардам берди.  2015-жылы кабыл алынган стратегия улуттук тоо өнөр жайы үчүн инвесторлорду тартуу, чөйрөнү сактоо жана түшкөн пайдасын өкмөт, инвестор жана жергиликтүү эл адилеттик менен бөлүштүрүү саясатына эл аралык стандарттарды киргизүү жол картасын тартуулайт.
  • Ошондой эле, АКШнын демилгелери Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жана уруксат кылуучу системасы жөнүндө жаңы мыйзам даярдаганга көмөк көрсөткөн.  Бул мыйзам 2013-жылдын октябрь айында кабыл алынып, ишкерлерге лицензия алууну жеңилдеткен жана элдик кызыкчылыктарын коргогон жаңы системаны ишке киргизген.
  • USAIDдин өкүлдөрү салык жөнүндөгү бир нече мыйзамдарды оңдоо үстүндө Өкмөттүк салык кызматы менен бирдикте  иштеди.  Бул оңдоолор кошумчаланган нарк салыгын (КНС) администрациялоо системасын жөнөкөйлөтүп, мыйзамдуу салык төлөөчүлөргө КНСти каттоого түрткү берди жана алдамчылык мүмкүнчүлүктөрдү кескин түрдө кыскартты. Салык кодекске оңдоолор учурда Жогорку Кеңеште каралууда.

Айыл чарба тармагында:  

  • “Жергиликтүү өнүгүү долбоору” аркылуу  USAID 75 миңден ашуун дыйкандарга кеңири кызмат көрсөтүү түрүндө жардам берди.  Бул аракеттер дыйкан чарбачылардын соодасын 800 пайызга жогорулатууга жана 15 миң дыйкан өндүрүшкө кирешелерин көбөйтүүгө өбөлгө түздү.
  • USAID жер ээлөөчүлөргө 800 гектар жерди топтогонго жана 21 чакырым жаңы сугаруу каналдарын жана инфраструктура куруп 2505 гектар жерге суу чыгарганга жардам берди.
  • Кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташууда USAID 2011-2014-жылдары үч фазалык Экономикалык өнүгүү фондунун (ЭӨФ) 20 миллион долларлык демилгесин ишке ашырды.  ЭӨФ – бул айыл чарбадагы маанилүү тармактарына каражат жумшаган Кыргыз Агробизнес өнүктүрүү боюнча долбоору жана Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге иштетилген атайын программа. Биринчи фазада өлкө боюнча 29 миң фермерге жакшыртылган үрөн жана башка материалдар таратылган.  Экинчи фазада 14 прогрессивдүү үрөн өстүрүүчү чарбалар үрөн өстүрүү жана жабдууларды тейлөө аркылуу Кыргызстандын фермерлерин жакшыртылган үрөн менен туруктуу түрдө камсыз кыла турган жандуу ишканаларга айлантылды. Үчүнчү фазада тоют чыгаруу жана мал багуу жабдуулар, жана 450 тирүү мал-жандыкты (анын ичинде АКШдан алып келинген 200 асыл тукум мал) өлкөдөгү он асыл-тукум мал чарбага берилди.