2015-жылдын 4-апрелинде саат 13-00до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Америка элчилигин колдоосу менен өткөрүлүп келе жаткан Америка ыр сынагынын акыркы этабы өткөрүлөт.
Сынакка Талас жана Чуй дубандарынын жалпысынан 46 орто мектебинин 400дөн ашуун окуучулары катышты. Сынак «Фонд Сан Пипл» коомдук фондусу, Кыргыз Республикасындагы Америкалык музыка борбору жана «Форум» Англис тил мугалимдеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Бул сынактын максаты – англис тил мугалимдеринин жана алардын окуучуларынын арасында англис тилин үйрөнүүнүн чыгармачылык жолун өркүндөтүү, ошондой эле аларга Американын музыкалык маданиятын тартуулоо болуп саналат.
Сынактын алгачкы мектеп жана дубан деңгээлиндеги эки этабы үстүбүздөгү жылдын февраль жана март айларында өттү. Бул регионалдык сынактын жеңүүчүлөрү эми 4 апрелде Бишкекте өтүүчү «American song contest 2015» ыр сынагынын акыркы этабына катышуу үчүн келишет.
ММК үчүн байланышуу маалыматы:
Ольга Копылова
Долбоор координатору
Тел. (0312) 892589, (0553)022992
olga.sunpeople@gmail.com