АМЕРИКАЛЫК ЫР СЫНАГЫ 2017

Америкалык ырлардын сынагынын Гала –концерти 2017-жылынын 30-мартында, саат 15.00, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт. Сынак Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланган

Бул концерт бир нече айды камтыган мектеп ичиндеги, мектептер арасындагы жана областтарда  өткөрүлгөн сынагынын жыйынтыгы.  Сынакка Ош, Жалал-Абад, Чүй областтары  жана Бишкек шаары боюнча  жалпысы 66 орто мектептин 600дөн ашык окуучулары  катышты. Гала-концертте кыргыздын белгилүү ырчылары менен бирге ар бир областтан Америкалык ыр сынагынын үчтөн  – жалпысы 12 жеңичүүсү  өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулайт.

Бул ыр сынагынын максаттары: Кыргызстандагы орто мектептеринин мугалимдери жана окуучуларына  англис тилин өздөштүрүүдө  чыгармачылык ыкмаларынын колдонуу жолдорун көрсөтүү, калыптандыруу, жана Америка элинин музыкалык маданияты менен тааныштыруу. Cынакты уюштуруу өнөктөштөр: Кыргыз Республикасындагы Америка музыкасынын  борбору,  «Форум» чет тили мугалимдеринин ассоциациясы жана «Сан Пипл» коомдук фонду.

Кирүү акысыз.

Иш чараны чагылдырууга кызыккан ЖМК өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен  BishkekPAS@state.gov электронлук даарек же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлар аркылуу байланыша алат.