Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланган Америкалык ыр сынагынын Гала –концерти 2016-жылынын 26-мартында, түшкү саат 12.00, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт.
Бул концерт бир нече айды камтыган мектеп ичиндеги, мектептер арасындагы жана областтарда өткөрүлгөн сынагынын жыйынтыгы.
«Сан Пипл» коомдук фонду, Кыргыз Республикасындагы Америка музыкасынын борбору, жана «Форум» чет тили мугалимдеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулган ыр сынагына Баткен, Нарын, Ысык-Көл областтары жана Бишкек шаары боюнча жалпысы 61 орто мектептин 600дөн ашык окуучулары катышты.
Гала-концертте кыргыздын белгилүү ырчылары менен бирге ар бир областтан Америкалык ыр сынагынын үчтөн жеңичүүсү өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашат.
Бул ыр сынагынын максаттары: Кыргызстандагы орто мектептеринин мугалимдери жана окуучуларына англис тилин өздөштүрүүдө чыгармачылык ыкмаларынын колдонуу жолдорун көрсөтүү, калыптандыруу, жана Америка элинин музыкалык маданияты менен тааныштыруу.
Келип, жагымдуу ырларды угуп, жана катышуучуларды кубаттап кетиңиздер!