
18-20-май, 2019 (Бишкек, Ош, Кыргыз Республикасы) – АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Америка жана кыргыз элинин ортосундагы кызматташтыкты белгилеп брасс-рок багытында ойногон Абердин музыкалык тобун күтүп алат. «Абирдиин» тобунун чыгармалары джаз, поп-музыка, кино үчүн жазылган жана рок музыка агымдарынан шык алып, өзгөчө чыгармачыл касиетке ээ, жана топ мүчөлөрүнүн саны айырм учурда 40ка жакын болушу мүмкүн. Бардык концерттерге кирүү акысыз.
18-май «Абирдиин» тобу өз сапарын Эркиндик багында жайгашкан «Ололохаус» сахнасында, жергиликтүү « Чоро Бэнд» тобу менен биргелешкен концерт менен баштайт. Бишкек шаарынын бардык тургундары америкалык рок-музыкасы менен маданий ыракаттануу үчүн чакырылат. «Абирдиин» тобу 19-майда Араван айылындагы Навои атындагы орто мектепте мастер класс өткөрөт. Музыканттар Ош облустук китепканасында жайгашкан Америка борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана «Аксесс» программасынын окуучуларына мастер класс өткөрөт.
20-майда «Абирдиин» тобу сапарын Бишкектин №29 мектеп-гимназиядагы концерти менен соңуна чыгарат.
Нью Йорктук «Абирдиин» брасс-рок тобун саксофончу жана акын Брайан Плаутц жетектейт. Топто эки саксофончу, гитарачы, бас гитарачы жана добулбасчы бар, алар айлана-чөйрөнү энергия менен толтурушат. Беделдүү Беркли музыкалык коллежинен музыкалык даража алган Брайан Apartment Sessions жана Бродвей актерлорун камтыган Broadway Sings музыкалдык видео чыгармачыл тобунун мүчөсү.
Анын үстүнө «Абирдиин» тобунун аткаруулары сыйлыктарга ээ болгон басс гитарачы Адам Ниилинин популярдуу музыкалык маданиятты жана билим берүүнү изилдеген YouTube каналында чыккан. Топтун YouTube каналы жана массалык маалымат каражаттары аркылуу алардын чыгармасы дүйнөлүк аудиторияга жеткен. Беркли музыкалык коллежин бүтүрүүчүсү добулбасчы Себастьян Чирибога белгилүү музыканттар менен чогуу сахнага чыккан, мисалы Вилли Нельсон, жана Карнеги Холл жана Кеннеди Борборунун сахналарына өз чыгармачылыгын тартуулаган. Аарон Копланд музыка мектебинен жаз боюнча магистр даражасын алган электрогитарачы жана продюсер Винсент Браун Нью Йорк сахнасынын улуу рок жана жаз музыкантар, жана өсүп келе жаткан келечектүү музыканттар тарабын таасирленген. Тенор жана баритон саксофонисти Джаред Ии АКШ боюнча бир нече белгилүү фестивалдарда сахнага чыккан, алардын ичинде Техас штатында Остин шаарында өтө турган South by Southwest (SXSW). https://amvoices.org/ama/ensembles-2018/aberdeen/
Иш-чараларды чагылдырууга кызыкдар болгон ММК өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен BishkekPAS@state.gov дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефондору аркылуу байланыша алышат.
Иш чаралардын тизмеси:
18-май, Ишенби | 19:00-20:00 |
Ололохаус Эркиндикте концерт (бул. Эркиндик, 64Б)
|
19-май, Жекшенби | 11:00-12:00 |
Навои атындагы орто мектебинде мастер класс (Араван айылы, Ош облусу)
|
15:00-16:00 |
Ош Америка борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана Аксесс программасынын окуучуларына мастер класс (Ош облустук китепканасы, Курманжан Датка коч, 271)
|
|
20-май, Дүйшөмбү | 15:00-16:00 |
№29 мектеп-гимназияда концерт (Макским Горький коч, 144) |