Америкалык кинорежиссер Фрэнк Поппер “Gentlemen of Vision” документалдык тасмасын Кыргызстанда тартуулайт

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги American Film Showcase программасы менен биргеликте америкалык режиссер-документалист Фрэнк Попперди “Gentlemen of Vision” даректүү тасмасын тартуулап, талкууларды уюштуруу үчүн Кыргызстанга чакырды. 2019-жылдын 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Америка борборлорунда жана Борбор Азиядагы Америка университетинде даректүү тасманын көргөзүүлөрү жана талкуулар уюштурулат.

Тасмада “Gentlemen of Vision” аталган бий тобунун башынан өткөргөн кыйынчылыктары жана жетишкен ийгиликтери чагылдырылган. Бийчилердин кээ бирлери үчүн, алар мектеп бүтүрүүчүлөрү болгондуктан, бул таймаш ийигиликке жетүү жана улуттук таймашты жеңүү үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк.

Фрэнклин Делано Поппер видеоөндүрүштө жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар режиссер. Анын “Мистер Смит Вашингтонго жете алабы?” толук метраждуу тасмасы (2006) Америкалык кинематография институтунун (Silverdocs) көрүүчүлөр сүймөнчүгү сыйлыгына ээ болгон, Эл аралык документалдык ассоциациясынын “Эң мыкты тасма” катары финалисти, Кинематография билим жана илимдер академиясынын документалдык тасмаларынын кыска тизмесине кирген, Парижде өткөн адам укуктарына арналган тасмалардын фестивалынын калыстарынын атайын сыйлыгынын ээси. Андан тышкары, Поппер мырзанын тасмасы америкалык көз карандысыз режиссерлордун “PBS Independent Lens” берүүсүндө көрсөтүлгөн. Поппер мырза 2003-жылы толук метраждуу “Eroica” тасмасын тартып, аталган тасма көз карандысыз каналдар аркылуу көрүүчүлөргө тартууланган. “Gentlemen of Vision” – анын үчүнчү даректүү тасмасы.

АКШ элчилиги колдогон American Film Showcase программасы бүткүл дүйнөдөгү көрүүчүлөргө ар кайсы фестивалдарда көз карандысыз даректүү, көркөм тасмалар жана даректүү ноу-хаулар катары сыйлыктарга ээ болгон америкалык чыгармаларды тартуулап, көз карандысыз кинематографисстер аркылуу америкалык маданият жана коом менен танышууга жардам берет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият маселелери боюнча бюро менен Түштүк Калияфорниянын университетинин Кинематографиялык өнөрлөрүнүн мектебинин кызматташуусу эл аралык аудиторияны тартуу үчүн ишке ашууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Фрэнк Попперди Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Оштогу Америкалык борборлордо жана Борбор Азиядагы Америка университетинде өзүнүн “Gentlemen of Vision” даректүү тасмасын тартулоого чакырды. Тасма мектепте иштеген кеңешчинин жумушундагы кыйынчылыктары тууралуу, анын бийдин жардамы менен балдарды көчөдөгү зомбулуктан сактап калуу аракети жөнүндө баяндайт.

American Film Showcase (AFS) программасынын расмий сайты: shorturl.at/hqLQ5

Twitter: shorturl.at/gkosX

Instagram: shorturl.at/oO047

Facebook: shorturl.at/lKNQY

Режиссердун LinkedIn’деги дареги: shorturl.at/tzRST

Иш-чараны чагылдырууга кызыккан ЖМК өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-кызматы менен BishkekPAS@state.gov дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлары аркылуу байланыша алат.

Америкалык кинорежиссер Фрэнк Поппер Кыргызстанда “Gentlemen of Vision” даректүү тасмасын тартуулайт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 16-сентябрдан 22-сентябрга чейин Кыргызстанда «Gentlemen of Vision» даректүү тасмасын тартуулоо жана анын талкуулоону уюштурат. Иш-чаралар Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Оштогу Америка Борборлорунда жана Борбор Азиядагы Америка университетинде өтөт.

Кирүү жана катышуу акысыз.

Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жадыбалы:

Дүйшөмбү,

16сентябр

09:30-11:00

Фрэнк Поппердин кыргызстандык режиссерлор менен «Central Asia Design Hub» (CADH) имаратында жолугушуусу. (Логвиненко көч. 55, Бишкек шаары)

 

  14:00-16:00 Канттагы Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. (Маликов көч. 5, Кант шаары, Чуй облустук китепканасы)
     

Шейшемби,

17сентябр

16:00-18:00

Оштогу Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. 

(Курманжан Датка көч 271, Ош шаары, Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы)

 

Шаршемби,

18сентябр

11:00-13:00

Жалал-Абаддагы Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. 

 (Ленин көч. 57, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети)

 

Бейшемби,

19сентябр

14:10-16:00

Борбор Азиядагы Америка университетинде «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо.  (Аалы Токомбаев көч. 7/6, Бишкек шаары)

 

  17:30-19:30

Бишкектеги Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. 

 (Огонбаев көч. 242, Бишкек шаары, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы)

 

Жума,

20сентябр

13:00-14:50

Нарындагы Борбор Азия университетинде «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо.  (Ленин көч. 310, Нарын шаары)

 

  15:00-17:00

Нарындагы Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. 

 (Ленин көч. 33, Нарын шаары, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы)

     

Ишемби,

21сентябр

16:00-18:00

Караколдогу Америка Борборунда «Gentlemen of Vision» тасмасын көрсөтүү жана талкуулоо. 

 (Коенкозов көч. 35, Каракол шаары, Т.Сыдыкбеков атындагы Ысык-Кол обллустук китепканасы)