«Көчмөн менен Ковбой бирге жарышта» Америкалык ковбойлордун келиши

“Көчмөн менен Ковбой бирге жарышта” долбоору АКШ менен Кыргыз Республикасынын эки тараптуу достук мамилелеринин 30-жылдык мааракесинин урматына уюштурулган. Бул долбоордун алкагында Кыргызстанга АКШдан коноктордун – кесипкөй ковбойлордун Көк-Бөрү, Эр-Эңиште катышуусу, ошону менен бирге ковбой чеберчилиги боюнча мастер –класстарды камтыган дасыккан программа менен чыгышат.

2022-жылдын 14-мартында таӊкы саат 10.30да Манас аэропортунда (1 Терминал), ВИП-залында АКШдан келген коноктор менен биринчи пресс-конференция болот.

ММК өкүлдөрүнө маалымат:

  1. Фото жана видео съемка аэропорттун администрациясы менен макулдашылды
  2. ММК өкүлдөрү үчүн атайын акысыз транспорт Бишкек-Аэропорт Манас-Бишкек каттамы боюнча уюштурулат. Жөнөөчү жай: Филармония (Манаса пр./ Рыскулова көч.) 14-мартта саат 9.30да.
  3. 2022-жылдын 13-мартынын саат 18.00 чейин төмөнкү контакттар аркылуу аккредитациядан өтүү керек:

ММК үчүн байланыш:
Телефон / WhatsApp: +996550910184

E-mail: naddy.sunpeople@gmail.com

 

Долбоор тууралуу маалымат

Марттын 15нен 20 чейин ковбойлор Ыссык-Көл облусунда болушат, ал жакта аларга дасыккан программа даярдалган:

18 жана 19 мартта ковбойлорду Көк-Бөрү боюнча Чемпионатта достук матчында катышышат. Оюндар Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда болот. Алардын арасынан кээ бирлери Эр-Эӊишке да катышышат. Оюнга даярдык учурунда ковбойлор Көк-Бөрүнүн жергиликтүү кесипкөй адистери менен биргеликте бир катар чогуу камданышат.

Ошондой эле коноктор жергиликтүү спортсмендерге да каада жана маданий баалуулуктардын алмашуу жаатында да бир нече мастер-класстарды көрсөтүшөт.

20 жана 21 мартта ковбойлор Бишкекте Ноорузду майрамдашат, улуттук телеканалдардын таӊкы шоуларында катышуу менен бирге, Сокулук районундагы Маловодный айылындагы балдар реабилитациялык борборго да 2016-жылкы  Көчмөндөр оюнунда американын Көк-Бөрү командасы уткан жеӊиш фондун тапшыруу максатында барышат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын АКШ элчилиги менен Көк-Бөрү Федерациясы биргеликте ишке ашырылып жатат, жана анын негизги максаты – АКШ менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы маданий алмашуу болуп саналат.

 

Ковбойлордун таржымалы:

Ник Уиллерт – аралаш мушташ искусствосу боюнча кесипкөй мушкер, бразилиялык джиу-джитсу боюнча 1-баскычтагы кара кемердин ээси. 2018-жылкы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну катышуучусу.

Уил Грант – Батыш АКШдагы адамдар жана жер тууралуу чагылдырган. 2018-жылкы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну катышуучусу.

Лэдд Хауэлл – аттар үчүн кошулма чыгарган компанияда иштейт жана родео боюнча кесиптик жарыштарда катышат. Орус тилин билет. 2018-жылкы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну катышуучусу.

Скотт Циммерман – АКШнын Көк-Бөрү 2016-жылкы курама командасынын мүчөсү жана 2018-жылкы 2018-жылкы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну катышкан.команданын капитаны. Ал АКШнын Спорттун Көчмөндөр түрү Федерациясынын теӊ төрагасы.