
11-апрель – 18-апрель, 2018 ж. (Бишкек- Кыргыз Республикасы, Фергана-Узбекистан) – Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги Джина Чавездин бир катар концерттерин өткөрөт. Тур жаз майрамына жана АКШ менен Кыргыз Республикасынын элдеринин ортосундагы достугуна карата ишке ашырылат. Бишкек Джаз фестивалынан башка бардык иш-чараларга кирүү акысыз.
11-апрель, Джина Чавездин турун Кант шаарындагы Америка борборунда жергиликтуу тургундарга, музыканттарга жана жаштарга мастер класс өткөрүү менен ачат. 14-апрелде топ Ош шаарына Араван айылындагы Навои атындагы орто мектебинде саат 11:00дө жана Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар мектеп-интернатынын окуучуларына мастер-класс саат 15:00дө өткөрүү үчүн сапар алат. 15-апрелде Джина Чавездин Өзбекистанда Фергана шаарындагы концерти өтөт.
Джина Чавез өзүнүн турун 18-апрелде саат 18:00дө Азия Молл соода борборундагы Бишкек шаарынын бардык тургундары чакырылган акысыз концерти менен аяктайт. Кыргыз Республикасында болгон сапарында Джина Чавез студенттердин музыкалык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кант жана Бишкек шаарындагы Америкалык борборлордо мастер класстарды өткөрөт.
Америкалык ырчы жана ар кандай улуттардын популярдуу латин музыка аткаруучусу Джина Чавезге тогуз жолу Austin Music Award сыйлыгы ыйгарылган. Эки тилде аткарылган «Up.Rooted» чыгармасы Улуттук коомдук радиосунун (NPR) «All Things Considered» бөлүмүндө (https://www.npr.org/2014/04/18/304574157/on–latest–album–gina–chavez–unearths–her–latin–roots) макаласы чыккан соң жана ал макала «The Boston Globe», «USA Today» жана «Texas Monthly» каражаттарында басылып чыккандан кийин Amazon жана Latin iTunes тизмелеринде биринчи орунду ээлеген.
Анын Tiny Desk концерти 2015-жылы NPRдын 15 концерттин ичинен эн мыктысы деп таанылган. Мамлекеттик департаменти менен бирге маданий элчи катары тогуз өлкөгө болгон саякатын аяктап, эки тилдеги жалындуу ырлар жыйнагы менен Джина Чавез аймактагы үндөрдү жана ритмдерди аракет жана көркөмдүк менен бириктирип, Түндүк жана Түштүк Американын аудиториясын өзүнө тартып алууда.
Сүрөттөр: https://www.dropbox.com/sh/4fau0jdn11pnsx5/AABUmJfcJuzJet47vcD0CSRca?dl=0
Вебсайт: https://www.ginachavez.com
Видео шилтемелер:
NPR’s “Tiny Desk Concert” https://www.youtube.com/watch?v=sRZi4QQEGBI
“Like an Animal” (Live at KUTX) https://youtu.be/lO0SL0-16gU
“Siete-D” (Live on Balcony TV) https://youtu.be/sfZxUspVcnw
“Maiz” (On Location with KUTX) https://youtu.be/GMvJjl9HB34
Иш чараларды чагылдырууга кызыккан ЖМКдын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматы менен 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлар же BishkekPAS@state.gov электрондук дареги аркылуу байланышса болот.
Иш-чаралардын ирети
11-апрель, Шаршемби | 09:30-10:40 |
Музыкалык пресс-конференция -«Сhicken Star» кафесинде (Бишкек шаары, Эркиндик көч., 36)
|
16:00-17:00 |
Кант шаарынын тургундарына жана Америка борборунун катышуучулары үчүн мастер класс (Кант шаары, Маликов көч., 5)
|
|
20:00-21:00 |
Джина Чавез менен кечки концерт-«Сhicken Star» кафесинде (Бишкек шаары, Эркиндик көч., 36)
|
|
12-апрель, Бейшемби | 10:00-11:00 |
Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында жаш музыканттар үчүн мастер класс (Бишкек шаары, Панфилов көч., 162)
|
13-апрель, Жума |
20:00- 21:00 |
Джаз Фестиваль концерт (Бишкек шаары, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы)
|
14-апрель, Ишенби
|
11:00-12:00 |
Ош облусунун Араван айылындагы Навои атынадагы мектебинде концерт
|
15:00-16:00 |
Азиз жана начар көргөн балдар мектеп-интернатынын окуучуларына мастер-класс (Ош шаары, Т. Кулатов көч., 10)
|
|
17-апрель, Шейшемби | 13:00-14:00 |
Ак-Өргө жаңы конушундагы №84 мектебинде концерт (Бишкек шаары, Өмүракунов көч., 45)
|
18-апрель, Шаршемби | 9:30-10:30 |
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде концерт (Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 66)
|
15:00-16:00 |
П. Ф. Шубин атындагы музыкалык мектебинин окуучулары жана Америка борборунун катышуучуларына мастер класс (Бишкек шаары, Огонбаев көч., 242)
|
|
18:00-19:30 |
Бишкек шаарындагы Азия Молл соода борборунда ачык асман алдындагы концерт
|