Лесли Вигери – жогору даражадагы дипломаттык кызматынын дасыккан кызматкери, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси.
Бул кызматка дайындалганга чейин ал мамлекеттик катчынын Борбор Азия жана Пакистан боюнча жардамчысынын орун басары болуп эмгектенген. Буга чейин ал АКШнын Өзбекстандагы элчилигинде миссия башчысынын орун басары жана Индиянын Нью-Дели шаарындагы АКШ элчилигинде саясий маселелер боюнча кеңешчи-катчысынын болуп иштеген. Вашингтондо Эл аралык баңгизат жана укук коргоо бюросунун Европа жана Азия боюнча директору жана Түштүк жана Борбор Азия бюросунун Борбор Азия боюнча директору болгон. АКШнын Нью-Делидеги элчилигинде саясий кеңешчинин орун басары болуп дайындалгандан тышкары, Вигери мырза чет өлкөлөрдө АКШ элчилигинин Кабулдагы Мекемелер аралык мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн директору жана АКШ элчилигинин Москвадагы тышкы саясий байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Вигери мырза Жорж Вашингтон университетинин (бакалавр даражасы) жана Американын католик университетинин (юридикалык илимдеринин доктору даражасы) бүтүрүүчүсү жана Колумбия округунун адвокаттар коллегиясынын мүчөсү. Орус, хинди жана португал тилдеринде сүйлөйт.