2016-жылдын 17-ноябры
2016-жылдын 17-ноябрында АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Кыргызстандын жараны Аида Бектуровага АКШнын Бишкектеги элчилигинен берилген биринчи иммиграциялык визасын тапшырды. Айдана Бектурова иммиграциялык визасын “Ар-түрдүү улуттагы иммигранттар үчүн визалар” аттуу программанын алкагында алуды. Бул программа жыл сайын көп мамлекеттердин жарандарына багытталган 55000-чейин виза бөлүштүрөт. Виза алуучулар АКШ Мамлекеттик департаментинин travel.state.gov вебсайтында жайгаштырылган нускамаларга ылайык катталган талапкерлердин арасынан кокустук жолу менен тандалып алынышат. Виза алуучулар тиешелүү талаптарга жооп берүүгө жана Америка Кошмо Штаттарына иммиграция деңгээли төмөн болгон мамлекеттердин жарандары болууга зарыл.
АКШнын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандын жарандарынын иммиграциялык виза иштерин 2016-жылдын 14-ноябрында карап баштаган. Кыргыз Республикасында жашаган “Иммиграциялык өтүнүчтүн” (петициянын) ээлери жана “Ар-түрдүү улуттагы иммигранттар үчүн визалар” лотереясынын жеңүүчүлөрү мындан кийин маектешүүгө жана медициналык текшерүүгө Алматы шаарына барууга муктаж болбойт. Талапкерлер тиешелүү шарттарды АКШнын элчилигинде бүтүрп, медициналык кароону Бишкекте элчилик тарабынан жактырылган дарыгерлерден өтө алышат. Мындан тышкары, талапкерлердин маектешүүсү кыргыз, орус же англис тилдеринде өткөрүлөт.
“Биз бул кызматтарды эки тараптуу мамилелерибиздин 25-жылдыгында тартуулаганыбызга өтө кубанычтабыз. Бул элдерибиздин арасындагы байланыштардын тереңдигинин белгиси болуп саналат жана ишеним, теңдик жана өз-ара урматтоо принцибинде негизделген шериктештигибизди күчтөндүрүүгө өбөлгө түзөт”- деди элчи Шейла Гуолтни.
Талапкерлер иммиграциялык визаларды алуу боюнча суроолорун консулдук бөлүмдүн BishkekIV@state.gov электрондук дарегине жөнөтсө болот. Иммиграциалык визалар жөнүндө жалпы маалыматты Мамлекттик департаменттин вебсайтына кайрылса болот travel.state.gov. Бишкектеги иммиграциялык визалар боюнча маалыматка элчиликтин вебсайтына кайрылса болот.