АКШнын элчиси англис тилин окуган майып балдар жана алардын ата-энелеринин ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолукту

4-ноябрда элчи Шейла Гуолтни Бишкектеги майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясына (АРДИ) барып АКШ элчилиги тарабынан каржыланган English Access Microscholarship (англис тилин окутуу) программасы аркылуу англис тилин окуган мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар менен жолукту.  Балдар элчи айымды англис тилиндеги ырлар, оюндар жана бий менен тозушту. Элчи Гуолтни окуучу балдардын англис тилинде эң мыкты сүйлөгөнү менен таасирленип жылуу жана көңүлдүү тозуп алгандарына ыраазы болду.  Бир эле жыл мурда англис тилин окуп баштаган балдардын көбү элчи айым менен англис тилинде эркин баарлашты.

АРДИ майып адамдардын укуктарын колдоо жана аларды турмушка аралаштыруу багытында маанилүү кызмат кылууда.  АРДИ АКШнын Мамлекеттик департаментинин English Access Microscholarship программасы менен бирге мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучу балдардын билим алууга мүмкүндүктөрүн кеңейтүү жана бекемдөө максатын көздөйт.  Access программасы Кыргызстандын ар жердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдарына англис тил боюнча сабак алууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.  Программанын катышуучулары келечекте билим менен кызмат алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн чет тил жана лидердик жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүшөт.  2007-жылдан бери 750 мектеп окуучу программаны йгиликтүү бүтүрүштү.  Бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын мыкты университеринин алдыңкы студенттери, жашаган жерлеринин жаш лидерлери жана ар түрдүү кадыр-барктуу окуу жана алмашуу программаларынын катышуучулары катары белгилүү.

Элчи айым жана АКШнын элчилиги жаш балдарга кыйын абалдарына карабастан өз тилектерине жетүүсүнө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк алганына кубанычта.  Бул программа мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тең мүмкүнчүлүктөрүн колдогон АКШ өкмөтүнүн көптөгөн программаларынын бири.