Элчи Гуолтни Президент Атамбаевке ишеним грамоталарын тапшырууда

Бүгүн мен Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси катары ишеним грамоталарымды тапшырдым.  Бул зор маанилүү кызматка мени дайындап ишеним көрсөткөн Президент Барак Обама менен Мамкатчы Жон Керриге ыраазымын.  Ошондой эле, агриманды тапшырып, дайындоомо акыркы кадам кылуу үчүн мени бүгүн кабыл алган Президент Алмазбек Атамбаевге чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Мен жакшы билген жана бай тарыхы менен маданиятын, табиятынын кооздугун жана элинин меймандостугун сыйлаган Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин тогузунчу өкүлү болуу мен үчүн чоң сыймык.  Өз ара кызыкчылыктардын жана эки тараптан тең болгон сый-урматтын негизинде алакабызды бекемдөөгө арналган бул жерде иштей турган жылдарыма суктанып турам.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элине өнөктөштүгү үчүн ыраазы.  Кыргыз өкмөтү жана кыргыз эли менен элчи катары кеңири маселелер боюнча иштөө мен үчүн чоң сыймык.  Бизди байланыштырган көптөгөн окшоштуктарыбыз жана эки өлкөгө тең пайда келтире турган жол менен өнүгүүгө көп мүмкүнчүлүк бар.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы идеялар, тажрыйбалар жана маданият менен алмашуунун кеңейүүсү биздин жарык жана өркүндөп өскөн келечегибизге жол көрсөтөт деп терең ишенем.

Шейла Гуолтни

Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси