Эл аралык Адам Укуктар Күнүнө карата Элчи Шейла Гуолтнинин макаласы

Ушул жылы 10-декабрда Эл аралык Адам Укуктар Күнүн белгилөө менен бирге Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесин да майрамдайбыз. 1945-жылы дүнүйөнүн лидерлери каргашалуу Экинчи Дүнүйөлүк согуштан  кийин чогулушуп Бириккен Улуттар Уюмунун жобосун түптөшкөн. Ал жерде тынчтыкты үгүттөп, адам укуктарын колдоп жана глобалдык коомдук өнүгүүгө жол баштоого багыт алынган.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоодо койгон максатына жетүү үчүн алгачкы кадамдарынын бири болуп БУУнун Генералдык Ассамблеясында 1948-жылдын 10-декабрында Адам Укуктарынан Универсалдуу Декларациясы  бир добуштан колдоого алынган. Жыл сайын биз Декларациянын кабыл алынган күнүн Эл аралык Адам Укуктар Күнү деп белгилейбиз. Универсалдуу Декларация эл аралык коомчулуктун негизин түзгөн бардык адамдардын  рассасына, диний ишенимине, жынысына же болбосо жашаган жеринин өкмөтүнүн формасына карабастан тиешелүү болгон  укуктардын жыйнагынын консенсусун чагылдырат.  Бул бардык адамдарга, Бостондо, Банкокто де Бишкекте жашайбы, тиешелүү.

Декларациянын негизги принциптеринин бири бул эркектер менен аялдардын мыйзам алдында теңдиги. Глобалдык коомчулук катары биз узак жол басып өткөн менен, дагы деле гендердик тең укуктуулукка жетүү үчүн көп жумуш жасашыбыз керек. Бирден бир кескин маанилүү болуп аялдарга жана кыздарга каршы зордук-зомбулукту токтотуу болуп эсептелет.

1999-жылы БУУ 25-ноябрды «Аялдарга каршы зордук-зомбулукту жоюу күнү» деп тааныган. Жана азыр ар бир жылы дүнүйөдөгү уюмдардын баары гендердик зордук-зомбулукка каршы ноябрдын 25нен баштап Адам Укуктар Күнү декабрдын 10 чейин элди кабардар кылыш үчүн иш чараларды өткөзүшөт.

Ар жылы глобалдык макулдашылган «16 күндүк активдүүлүк» убагында Кыргызстандагы бир нече уюмдар көйгөйлөр жөнүндө коомчулукту маалымдоо үчүн эң сонун иштерди жүргүзүүдө. Алар өзүлөрүнүн жетишкендиктерин жана келечекте гендердик зордук-зомбулукка каршы пландары менен бөлүшүшөт. Бишкекте, мисалы үчүн, Сезим кризистик борбору гендердик зордук-зомбулуктун деңгеелин жана катаалдыгын коомчулукка маалымдоо максатында сессияларды, журналисттер аралык мелдешти жана медиа тур өткөрүштү. 9-декабрда Америкалык Борбордо Сезим кризистик борбору тарабынан уюштурулган коомчулукка маалымдоо финалдык иш-чарага мен катышканыма сыймыктанам.

Эл иш-чарада Сезим кризистик борборунун жана анын директору Бубусара Рыскулованын жетишкендиктерин майрамдадык. Рыскулова айым укмуштуудай адам. Ал 1998-жылы АКШда болуп өткөн алмашуу программасына катышып келгенден кийин жапа чеккендер үчүн кризистик борбор жана тынымсыз байланыш мүмкүнчүлүгүн ачкан. Көп жылдардан бери Сезим борбору миңдеген жапа чеккен аялдарга жана балдарга ыкчам жардам жана узакка созулган реабилитациялоо иш-чараларын көрсөтүп келет. Рыскулова айым 2003-жылы кабыл алынган үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзамды өткөрүүдө чоң салым кошкон жана аялдар менен балдардын коопсуздугун талыкпастан жактап келет. Ал чыныгы кыргыз баатыры.

Америкалык борбордо болуп өткөн иш-чара убагында биз Кыргыз Парламенти тарабынан 2012-жылы кабыл алынган ала качууга каршы мыйзам жөнүндө да ой жүгүрттүк. Бул мыйзам ырайымсыз кылмыш кылгандарга катаал жаза берүүнү аныктайт. Мен Парламенттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева менен кезиктим жана ал айымдын бул мыйзамды колдоодо ролу зор экенин жана аялдар менен балдарды коргоону жактап келерин белгилегим келет. Кыргыз Парламенти бул мыйзамды колдогондон бери жаш кыздарды ала качуу, басмырлоо жана кемсинтүүлөр азайып келе жатат. Бул мыйзам жана аны ишке ашыруу аялдарга каршы зордук-зомбулукту азайтыш үчүн мыйзамдуулукту эффективдүү колдонуу башка өлкөлөр үчүн да үлгү катары кызмат кылууда.  Мен бул аракеттерге кол чабуу менен бирге Кыргызстанды аялдарды жана балдарды коргоодо алдыга жылып жатканы менен куттуктайм.

Бирок бүт дүнүйө жүзүндө да бул иштер боюнча көп жумуш жасалышы керектигин белгилеп кетким келет. Дүнүйөдө ар бир үч аялдын бири жашоосунда дене мүчөсүнө же сексуалдык жактан кемсинтүүлөргө жана беш аялдын бири зордуктоого же зордуктоо аракетине дуушар болот. БУУ аялдары тастыктагандай, аялдарга каршы зордук зомбулук 15 жаштан 44 жашка чейинки кыздардын жана аялдардын өлүмүнө жана майып болушуна алып келет. Бул рак оорусунан, жол кырсыктарынан, малария жана согуштан каза тапкандардан да көп. Башкача сөз менен айтканда, ченемсиз адам укуктарын бузуу ар бир күнү дүнүйө жүзү боюнча болуп турат. Бир да өлкө мындан бош эмес-Америка дагы, Кыргызстан дагы.

Бул зордук-зомбулук жана дискриминация качып кутулбас эмес жана ар бирибиз аны токтотуш үчүн бир нерсе кыла алабыз. Биз өзүбүзгө жана коомубузга бул көйгөйдүн түп тамырын табыш үчүн чындык менен карап жана бул зордук-зомбулукту токтотуш үчүн жолдорду издешибиз керек. Биз баарыбыз аракет кылышыбыз керек, аялдар жана эркектер, балдар жана кыздар, өлкө кызматкерлери жана коомдун лидерлери.

Аялдарга каршы зордук-зомбулукту жоюу адамдарды оор, моралдык жактан пас жана зыяндуу басмырлоодон гана сактап калбастан, коомчулукту бөлүнүүдөн жана коомдук жана экономикалык өнүүгүүдөн артка тартуу сыяктуу илдеттерден кутултат.

Ошол себептен АКШ гендердик теңдик дүнүйөдөгү өнүгүүгө, туруктуулукка, тынчтыкка жетүү максаттарын жана эмне себептен аялдарга каршы зордук-зомбулукту жоюу абдан маанилүү экендигин тышкы саясатында да белгилеп келет. АКШ БУУ менен бирге гендердик зордук-зомбулукту токтотуу үчүн “2030 Agenda” деген иш-чаранын үстүндө иштөөдө. Бул иш-чара гендердик теңдиктин жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн туруктуу өнүгүү максаттарын белгилейт.

Президент Обама айткандай:

«Аялдардын теңдиги АКШдагы жана дүнүйөдөгү жарандык жана адамдык укуктарынын принциптеринин негизи. Өлкөнүн саясатында же болбосо экономикасында аялдар толук катышуучу болсо, ошол коомчулуктардын өнүгүүсү артат».

Менин АКШ элчилигиндеги командам көп жылдардан бери Кыргыз Республикасындагы өнөктөштөр менен бирге гендердик зордук-зомбулукка каршы иш жүргүзүп, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге алардын коомдо саясатка жана экономикага аралашуусун колдоп келет. Ошол программалардын жардамы менен өзгөчө айыл жергесинен же болбосо жагдайсыз жерлерден болгон  аялдар коомдук жана экономикалык көз карандысыздыкка ээ болуу менен бирге өзүлөрүнүн өлкөсүнүн келечегине салым кошууда. Мен жана менин командам үчүн ушул багытта иш алып барган Кыргыз өкмөтүн жана коомдук лидердерди билүү, алар менен иштөө жана алардан үйрөнүү чоң артыкчылык. Ал адамдар талыкпастан Кыргызстандын жана аймактарда коомдук, саясий жана экономикалык өнүүгүүсү үчүн иш алып барышууда.

Сөзүмдүн аягында мен айтат элем, баарыбыз биригип иш алып барганда гана аялдарга каршы зомбулукту жана дискриминацияны жойо алабыз. Ар бир адамдын кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө кудурети жетет. Ар бир окурманды өзүңүздөрдү жана коомчулукту карап гендердик теңдике жетүү үчүн аракет кылууга чакырат элем. Эгерде бир нерсе туура эмес болуп жатканын көрсөңүз, анда эрдик кылып ошого каршы турушуңуз керек. Ар бир добуш маанилүү жана башка адамдардын баарын, жынысына карабай, сыйлоо жана мүмкүнчүлүк берүү менен гана чыныгы ийгиликке жете алабыз.