Шейла Гуолтни Кыргыз Республикасындагы АКШнын эмки элчисинин кызматын аткаруу үчүн Бишкекке 5-сентябрда келди. Президент Барак Обама АКШнын жогорку дипломатиялык кызматынын карьердик дипломаты Шейла Гуолтнинин дайындоосун 2014-жылдын 28- августунда жарыялаган. АКШ Сенаты анын кандидатурасын 2015-жылдын 5-августунда колдогон.
Мурда, 1999-жылдан 2002-жылга чейин, Гуолтни айым Бишкектеги АКШнын элчилигинде дипломатиялык миссиянын башчысынын орун басары болуп иштеп кеткен. «Он алты жыл мурун мен кооз өлкөңүздө үзүр сүрүп жашагам. Мен үчүн бай маданияты, укмуштай жаратылышы жана меймандос эли менен таанылган кадырлуу Кыргыз жерине Америка элинин өкүлү катары кайтып келгенден өтөөр чоң сыймык жок. Кооздугу тамшанткан Ала-Арча менен Ысык Көлдөн тартып, ыйык Сулайман-Тоонун айланасына чейин жайгашкан улуу Манастын эли жүрөгүмдө өзүнчө орун ээлеп, биздин өлкөлөрдүн арасында окшоштуктар көп экендигин көрсөткөн».
Гуолтни айым Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы акыркы жыйырма жылдын ичинде өркүндөгөн маданият жана ой алмашууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Ишеним грамоталарын президент Алмазмек Атамбаевке тапшырып өз ара өркүндөгөн болочок куруу үчүн бирге иштөөнү Гуолтни айым чыдамкайсыздык менен күтүүдө.