АКШ элчиси кызматташтык программасынын астында колдоого алынган чарбага баш бакты

Кыргызстандагы АКШ элчиси Шейла Гуолтни Чуй областында жайгашкан «Чабрец» чарбасына баш бакты. Бул чарба 2013-жылы USAID-дин “Экономикалык өнүгүү фонду” программасынын алкагында башка тогуз ири чарбалардын катарында абердин-ангус породасындагы ири бодо мал алышкан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылган программанын алкагында, “Чабрец” чарбасы 1 млн. АКШ долларлык 50 баш уй жана заманбап айыл-чарба техникасын алышкан. Ал жардам грант жана жеңилдетилген атайын кредит катарында берилип, азыр кредит үчүн чарба Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөп жатат.

Чарба кызматкерлери өз жетишкендиктерин Элчи Гуолтниге көрсөтүшүп, өнүмдүүлүгү өтө чоң болгон ангус-абердин уйлары көрсөткөн жыйынтыктарын айтып беришти. Башкы зоотехник Ирина Зуеванын сөзү боюнча, жогорку сапаттуу эти үчүн бааланган абердин-ангус, жергиликтүү породаларга караганда тезирээк өсөт экен.

“Алардын салмагы өтө тез чоңоет. Башка породалар күнүнө 1,6 кг кошсо, ангустар 2 кг. кошушат”, – деп түшүндүрдү Ирина. Ал уйлар АКШнын тоолуу жерлеринен келгендиктен, Кыргызстандын климатына бат эле көнүп калышканын Ирина кошумчалады.

Уйлар биринчи жылы 35 торпок беришкен. Чарбанын кызматкерлери бул жылдын аягына чейин дагы беришерин күтүп турушат.

Ферманын ээси Андрей Родиков мал багуу өлкө үчүн эң маанилүү жаат деп эсептейт, андыктан абердин-ангус сыяктуу породаларды көбөйтүп, өлкөнүн жайыттарын эффектидүүрөөк пайдаланып, экспортту өнүктүрсө болот деп ойлойт.

“Мал багууну өнүктүрүш үчүн аны сатыш керек. Бирок бизде заманбап сертификацияланган кушканалар жок. Этти Казахстан же Россияга экспортко чыгарсак да, алар ошондой кушканаларды талап кылышат. Биз ошол жаатта да иштеп жатабыз”, – деп Андрей Родиков өз ою менен бөлүштү.

Чарба үчүн дагы бир маанилүү инвестиция – бул жаңы айыл чарба техникасы болду. Анан арасында дүйнөдөгү эң алдыңкы аыйл чарба техникасын чыгаруучу John Deere компаниясынын комбайны да бар болчу. Родиковдун айтымында, бул комбайндын жардамы менен алар дагы да көбүрөөк жүгөрү жыйнап, саны көбөюп жаткан малды багууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Кыргызстанда өтө көп экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар. Биз жеке ишкерчиликтин өнүгүшүн жана жаңы жумуш орундарынын пайда болушун көргүбүз келет. Бул абдан маанилүү. Ал эми силер жанан силердин чарбаңар бул ишке аша турган нерсе экенин көрсөтүп жатасыңар”, – деп Элчи Гуолтни өз оюн чарбанын кызматкерлери менен бөлүштү.

USAID-дин “Экономикалык өнүгүү фонду” программасы 2010-2014-жылдары ишке ашырылып, Кыргызстандын айыл чарбасына жалпы суммасы 20 млн АКШ долларлык жардам көрсөттү.