АКШ элчилиги абанын сапатынын көрсөткүчү жана абадагы майда бөлүкчөлөрдүн концентрациясын (жыштыгын) өлчөгөн АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги (англ. Environmental Protection Agency – ЕРА) тарабынан жакталган абанын сапатын өлчөөчү аппаратты Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан элчиликтин тегерегинде колдонот. Буга тийиштүү изилдөөлөр өпкө менен жүрөк жана башка ооруларды абанын булгануу жана анын ичиндеги каттуу бөлүкчүлөрү (англ. particular matter – РМ) менен байланыштырат. Булганган аба өтө сезерлик топторго, кичинекей балдарга, улгайган, жүрөк жана өпкө оорулары менен ооруган адамдарга өзгөчө терс таасирин тийгизет. Бул аба сапатынын көрсөткүчү (индекси) АКШ элчилигинин кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жана элчиликтин аймагында жашап жаткан адамдарга ден-соолук жөнүндө маалымат булагы боло алат.
Биздин аппарат абанын кубметринде канча 2.5 микрондук (микрометр) майда дисперсиялык бөлүкчүлөрдүн концентрациясынын негизинде жергиликтүү абанын сапатын өлчөйт. Мындай бөлүкчүлөр ден-соолукка абдан чоң коркунуч келтирет, себеби бул бөлүкчүлөр өтө кичине жана оңой эле ылдам түрдө адамдын өпкөсүнө жана канына кирип, жүрөк жана кан-тамыр орруларын козгошу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн EPA нын баракчасына кириңиздер.
АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги РМди конвертациялоо үчүн өзгөчө РМ2.5ды адамдын ден-соолук көйгөйлөрүнө тийиштүү маалыматын камтыган Аба сапатынын индексине (англ. Air Quality Index-AQI) которуу формуласын иштеп чыкты. Мисалы, AQI=50 абанын канааттандырарлык сапатын билдирет. Ушул эле учурда бул көрсөткүчтүн 300дөн ашык болгондугу адамдын ден-соолугуна коркунучтуу экендигинин белгиси. Эске алыңыз, Аба сапатынын индекси Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдө айланадагы абанын булганышынын индекси болгуп колдонулган Атмосферанын булганыш индексинен (орус. Индекс загрязнения атмосферы – ИЗА) айырмаланат. AQI болсо аппараттын тегерегиндеги абанын сапаты тууралуу ар бир саат жана күн боюнча маалыматты сунуштайт. Кошумча AQI жөнүндө маалымат үчүн бул баракчага кириңиздер.
Датчиктен чыккан РМ 2,5 (мкг/м3) концентрациясын жана тийиштү AQIды көрсөткөн маалыматы AirNow.gov сайтынан он-лайн режиминде көрсөңөр болот.
Аба сапатынын индекси (AQI) | Абанын булганышы | Бул эмнени билдирет? |
---|---|---|
Жакшы | 0 – 50 | Абанын сапаты канааттандырарлык деп эсептелет, аба булганышынан чыккан коркунуч болсо өтө төмөн денгээлде же жок деп саналат. |
Орточо | 51 – 100 | Абанын сапаты алгылыктуу деп эсептелет; Бирок, кээ бир зыяндуу аба булгагычтар кээбир сезимтал адамдарды бир аз тынчсыздандыруусу мүмкүн. |
Ден-соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян | 101 – 150 | Сезимтал топтор ден-соолукка тийген өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Жалпы коомчулук жабыр тартпайт. |
Ден-соолукка зыян | 151 – 200 | Баардык адамдар ден-соолукка болгон жаман таасирин сезип башташы мүмкүн; өтө сезимтал адамдар чоң таасирине дуушар болушу мүмкүн. |
Начар | 201 – 300 | Ден-соолукка өзгөчө кырдалдуулугу жөнүндө эскертүү. Бүткүл калкка жаман таасири тийиши мүмкүн. |
Кооптуу | 301 – 500 | Ден-соолукка коркунуч болгондугу жөнүндө эскертүү. Ар бир адам ден-соолукка болгон таасирин сезиши мүмкүн. |