Айыл чарба форуму жаңы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда

Бишкек – 2018-жылдын 5 жана 6-июнь күндөрү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Айыл чарба жана соода-инвестициялык форум өткөрөт. Иш-чарага 200дөй агроөндүрүүчүлөр, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү жана инвесторлор катышып, өз-ара байланыш түзүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө, жана айыл-чарба продукциясын өндүрүүдөгү жаңы каржы булактарын үйрөнүүгө мүмкүндүк алышат.

Форум журналисттер үчүн ачык. Форумдун ачылыш аземи Шейшемби күнү, 5-июнда, Асанбай борборунда (Бишкек, Аалы Токомбаев көч., 21/11) саат 10:00 – 11:15 өтөт.

Форумдун программасы төмөнкү иш-чараларды камтыйт: айыл чарба продукциясынын көргөзмөсү, тегерек столдор, «бизнес-бизнеске» форматындагы ишкерлердин жолугушуулары, сүрөт көргөзмөсү, USAID Агро горизонт долбоорунун негизги жетишкендиктерине арналган кыска видео материалдардын презентациясы. Форумдун алкагында USAIDдин айыл-чарбадагы кадрлардын өнүктүрүүгө багытталган «Жаштар үчүн стажировкалар» программасынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи да уюштурулат.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельтцер, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министри Нурбек Мурашев катышышы күтүлүүдө.

Көбүрөөк маалымат алуу же ММК өкүлдөрүн каттоо үчүн USAID Агро горизонт долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Севара Байбулатова менен байланышыңыздар, (+996) 770 441-011, sbaibulatova@agrohorizon-kg.org.