Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу АКШ элчиси Дональд Лунун билдирүүсү

Элчи Дональд Лу: «АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аскаров мырза өз өмүрүн адам укуктарын коргоого жана зомбулук менен адам кыйноону айыптоого арнаган.

Аскаров мырза 2011-жылдын Homo Homini сыйлыгынын, 2012-жылдын “Эл аралык сөз эркиндиги” жана 2014-жылдын “Адам укуктарынын коргоочулары” сыйлыктарынын лауреаты. Ал өмүр бою эркинен ажыратылып камакта болгон. Аскаров түрмөдө отуруп да элди жарашуу менен өз ара түшүнүшүүгө үндөп келген».