Урматтуу достор,
Жорж Флойддун Миннеаполис полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлүшү улуттук трагедияга айланды. Америкадагы прокурорлор бир полиция кызматкерине адам өлтүрүү, жана үч полиция кызматкерине өлтүрүүгө кириптер болуу беренелери боюнча айып салышты. Мен сот системасынын күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга кудурети жетет деп толук ишенем.
Бирок, мындан да маанилүүсү, Жорж Флойддун өлтүрүлүшү өлкөбүздө өзүбүзгө көз чаптырып, биздин улут катары рассизм жана кемсинтүүнүн түркүн формалары көйгөйүн чечүү үчүн көбүрөөк аракет кылуубуз керектигин моюнубузга алышыбыз кажет. Биз Бишкектеги АКШ элчилигинде, биз кызмат кылгандарга жана биздин кызматкерлерибизге карата кемсинтүүгө жол бербөөнүн жогорку стандарттарын карманабыз деп милдеттенебиз.
Кошмо Штаттары чынында тарыхый учурду башынан кечирүүдө. Бул учурдан биз сабырдуулук жана өз ара урматтоосу жогорулаган коом катары чыгабыз деп үмүттөнөбүз.
Урматтоо менен,
Дональд Лу
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси