Бишкек – 13 июнь 2023-жыл. Кечээ Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларынын 29-тобу Кыргыз Республикасына келди. Алар Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын орто мектептериндеги англис тилин окутуу программасына колдоо көрсөтүшөт.
Булар Кыргыз Республикасында 1993-жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан ыктыярчылардын 29-тобунун стажерлору. Ыктыярчылар Кыргыз өкмөттүн чакыруусунун жана Америка Кошмо Штаттары менен 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте иштеп, жаңы окутуу ыкмалары жана көндүмдөрү аркылуу алардын англис тилин окутуу потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтөт. Ыктыярчылар өзүлөрүнүн мектептерине жана жамаатына англис тилин окутуу боюнча ресурстук борборлорду ачууга же кеңейтүүгө, окутуу программаларын жана инновациялык окуу материалдарын иштеп чыгууга жардам көрсөтүшөт.
«Жамааттардын, мектептердин жана кабыл алуучу үй-бүлөлөрдүн бардыгы ыктыярчыларды кубануу менен кабыл алышат. Мен бул ыктыярчылардын мугалимдердин жана окуучулардын потенциалдарын гана жогорулатпастан, маданий аралык алмашууларга салым кошуу менен бирге, өзүлөрүнун жамааттарына жаңы идеяларды жана тажрыйбаларды алып келээрине чындап ишенем», – деди Бааркүл Солталиева, Кочор айылынын Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинин англис тили мугалими жана методисти.
Кийинки 11 жума бою ыктыярчы-стажерлор кызматка чейинки тренингге катышышат. Бул тренинг өзүнө: кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет-тили катары окутуу боюнча сабактарды, жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте сабак окутууну жана маданий аралык компетенттүүлүктү жогорулатуу боюнча сабактарды өзүнө камтыйт. Америка Кошмо Штаттарында жүргүзүлгөн дыкат тандоо аркылуу стажерлердун жогорку квалификациялуу жана өнүгүүгө чындап салымын кошо тургандары тандалып алынды. Алардын тренингдин программасын ийгиликүү аяктагандары гана Ыктыярчынын антын бере алышат.
Бул K-29 тобунун ыктыярчы-стажерлорунун келүүсү Тынчтык Корпусу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүгүнүн 30-жылдык мааракесине дал келип отурат. Бул жаңы келген топтун стажерлору 2020-жылдын март айында COVID-19 пандемиясынын негизинде дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнөн ыктыярчыларды эвакуациялагандан кийин Кыргыз Республикасына кайра кайтып келген ыктыярчылардын 2-тобу болуп саналат. Жаңы топ Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларынын жана стажерлорунун жалпы санын 36га жеткирмекчи.
Толугураак маалымат алуу үчүн коомчулук менен иш алып баруу адиси Айсулуу Газиева менен байланышыңыз, agazieva@peacecorps.gov, 0312 650494 (кошумча номери: 1100)
####