Бишкек – Кыргызстандагы жүз жыйырма ишкана сатууларын көбөйтүп, жаңы рынокторго чыгып, 28 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түздү. Мындай көрсөткүчтөргө жетүү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) “Конкуренттүү ишкана” долбоору аркылуу ишке ашырылган АКШнын колдоосу менен мүмкүн болду. Беш жылдын ичинде долбоордун алкагында айыл чарба, тигүү өнөр жайы, маалымат технологиялары, билим берүү, тамак-аш кайра иштетүү жана башка тармактарда инклюзивдик, рыноктук сатууларды көбөйтүү максатында чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүлүп келген.
2023-жылдын 15-июнунда USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун ийгиликтүү соңуна чыгуусун белгилөө максатында расмий иш-чара болуп өттү. Иш-чарага катарында КР Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Стивен Райдер, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу М. Эндрю Мэйбрук, ACDI/VOCAнын президенти жана башкы директору Силвия Мегрет айым болгон ардактуу коноктор катышты.
«Америка Кошмо Штаттары заманбап жабдууларды берүү, каржы булактарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана эл аралык сертификаттарды алууда жардам көрсөтүү аркылуу прогрессивдүү ишкерлерге көрсөткө колдоосу менен сыймыктанат. Беш жылдын ичинде колдообуз менен ишканаларда 9 миңи туруктуу болуп, 28 миңден ашык жумуш орду түзүлдү. Бул акыркы эки жылдын ичинде Кыргыз Республикасында түзүлгөн бардык жумуш орундарынын 11 пайызын түздү», – деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Стивен Райдер өз сөзүндө.
Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасынын алкагында ЭКСПО көргөзмөсү уюштурулуп, анда долбоордун 40тан ашык өнөктөшү өз продукцияларын тартуулашты. Катарында “Аква Сервис” (форель жана орус осетр балыгын өстүрүү), “Кыргыз Кашемир” (кашмир өндүрүү), Socks Master (креативдүү Lucky Socks байпатарын өндүрүү) жана башка компаниялар болгон ишканалар экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүп, өзгөчө аялдар менен жаштар үчүн болуп, мекендештерибизге жумуш орундарын түзүүдө. Мындан сырткары, АКШнын колдоосу менен өз өндүрүшүн ишке киргизген тогуз кризистик борбор дагы ЭКСПО көргөзмөсүндө өз продукциясын тартуулады. Туурмуштук оор кырдаалга кабылган аялдардын таланттарын өнүктүрүүгө жардам берип келген бул борборлор, жыйынтыктоочу иш-чарада көз жоосун алган буюмдарын тартуулады.
АКШ тарабынан колдоого алынган ишканалар мода көргөзмөсүндө дагы кийим коллекцияларын тартуулашты. “Подиум” компаниясы “Ак жүрөк” жана “Аруулан” кризистик борборлорунун техникалык колдоосу менен кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган коллекцияларын көрсөттү. Ала-Бука районунун алыскы Теңги айылынан келген ишкер айым Пардакан Томуева дагы өзгөчө дизайн жана саймалар менен жасалганган аялдардын улуттук кийимдер коллекциясын тартуулады. MENIKI бренди менен таанымал “Текстиль Транс” компаниясы, өлкөбүздөгү текстиль жана тигүү өнөр жайынын өнүгүүсуң йгинелеген, Кыргызстанда өндүрүлгөн алгачкы джинсы коллекциясын тартуулады.
USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы, кыргыз ишканаларынын жетишкендиктерин жана алардын Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеген, жаркын иш-чара болду.