Flag

An official website of the United States government

Китеп которуу программасы 2023
Тарабынан
18 МИНУТ ОКУЛДУ

Китеп которуу долбоорунун грант арыздарын кабыл алуу жарыясы

АКШ Элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмү кыргыз тилине китеп которуу долбоорунун кезектеги, 2023-жылдын гранттык сынагын жарыялайт. Кызыкдар болгон мекеме/уюмдардан кызыкчылыгын билдирген сунуштамалар 2023-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат.

Аталган долбоор жергиликтүү басмаканалардын, билим берүү мекемелеринин жана бейөкмөт уюмдардын арасында америкалык жазуучулардын китептерин жана ошондой эле Америка элинин баалуулуктарын чагылдырган китептерди кыргыз тилине которуп, кыргыз тилинде же кыргыз жана англис тилинде басып чыгарууга колдоо көрсөтөт.

Долбоор каржылаган чыгымдар – автордук укуктарды алуу (эгерде зарыл болсо), кыргыз тилине которуу, басып чыгаруу, китептерди аймактардагы мекемелерге жеткирүү жана ошондой эле китеп басылып чыккандан кийин, китепти окурмандарга тааныштыруу максатында жана окууга, колдонууга үндөгөн атайын өткөрүлүүчү ар кандай иш чараларды, тренингдер, мастер-класстар, веб-сайттарды түзүү, сынактарды уюштуруу.

Элчилик бир басылма орто эсеп менен 30 000 – 45 000 АКШ доллар болгон эки же үч грант берүүнү пландаштырып жатат. Даяр китеп эң аз дегенде 7000 нускада басылып чыгарылат жана Кыргыз Республикасынын аймактарындагы окуу жайларга, коомдук китепканаларга жана Америка борборлоруна грант алган мекеме же уюм, элчилик жана өнөктөштөр тарабынан жеткирилет. Грант бериле турган мекеме сынактын негизинде тандалат.

Тарабынан

Негизги багыттар

2023-жылы төмөндө берилген темалардын бирин же бир нечесин камтыган көркөм жана илимий-популярдуу китептерге артыкчылык берилет:

  1. STEAM: Илим, технология, инженерия жана математика тармактарында билим берүүнү колдогон китептер, ошондой эле бул темалардын сүрөт же чыгармачылык менен интеграциясы. STEAM деп аталган бул интеграция чыгармачыл долбоорго негизделген окутуу аркылуу илимий түшүнүктөрдү үйрөтүүгө багытталган. Мисалы, STEAM долбоору студенттерден татаал биологиялык процессти визуалдык жагымдуу коллаж аркылуу көрсөтүүнү суранышы мүмкүн.
  2. Инклюзивдүүлүк: АКШнын баалуулуктарын баса белгилеген же даңазалаган китептер, анын ичинде билимге, жумушка орношууга жана кесипкөй өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жетүүнүн маанилүүлүгү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же азчылыкка же экономикалык жактан начар топторго таандык адамдар сыяктуу четте калган же маргиналдашкан калкка карата адилет мамиле.

Долбоордун талаптары, максаттуу аудиториясы, максаттары жана милдеттери тууралуу кошумча маалыматы тиркелген Каржылоо Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Билдирмеде (NOFO) берилген.

Кызыкчылыгын билдирген сунуштама англис тилинде гана кабыл алынат, ал эми арыздарды кыргыз же орус тилдеринде да кошуп тапшырса болот. Жыйынтыгында гранттык келишимдер англис тилинде түзүлөт. Кызыкдар мекемелер өз сунуштамаларында АКШ Элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн Китеп которуу долбоорунун максаттарына, негизги багыттарына жана окурмандарына өзгөчө көңүл бурушу керек.

Тарабынан

Биринчи айлампа: Кызыкчылыгын билдирген сунуштаманы тапшыруу

Өтүнүч, төмөндөгү бардык көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен эске алыңыз. Ушул жарыянын талаптарына жооп бербеген жана төмөндөгү белгиленген маалыматты камтыбаган каттар кабыл алынбайт. 

Ар бир кызыкчылыкты билдирүү сунуштамасы төмөндөгүлөрду камтышы керек:

  • Сунушталып жаткан гранттын артыкчылыктуу чөйрөсүн так көрсөтүү;
  • Каржылоо Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Билдирмеде аныкталган максаттуу аудиторияны так көрсөтүү;
  • Гранттык мөөнөттүн аягында жете турган конкреттүү натыйжаларды аныктоо;
  • Гранттын коомдук маалымат каражаттарына жайылтуу жана зарыл болгон учурда мониторинг иштерин камтыган ишке ашыруу планын түзүү жана;
  • Каржылоонун болжолдуу санын жана чакан бюджет планын түзүү.

Сураныч:

  1. Кызыкчылык билдирүү сунуштамада Каржылоо Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Билдирмеде берилген максаттар, аудитория жана милдеттерге жетүү жана аткаруу иши так жазылган болуш керек. Талапкерлер тиркелген Кызыкчылыкты билдирүү сунуштама формасын колдонсо болот (1-тиркеме);
  2. Бардык документтер англис тилинде;
  3. Бардык бюджет АКШ долларында болушу керек. Талапкерлер бюджеттик эсептерди тапшыруу үчүн Бюджет Сунуштамасынын формасын колдонушу керек (1-тилкеме);
  4. Ар бир талап кылынган бланктарда арыз берүүчүнүн кол тамгалары керек болгон жерлер көрсөтүлгөн;
  5. Кызыкчылык билдирүү сунуштама болжолдуу бюджетин камтып үч барактан ашпашы керек. 

Кызыкчылык билдирген сунуштаманы BishkekProjectProposals@state.gov  дарегине “Китеп которуу долбоору” деп атап 2023-жылдын 30-апрелине чейин жөнөтүү керек. Ошондой эле кызыкчылыкты билдирген сунуштаманы Grants.gov го Каржылоо Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Билдирмеде (NOFO) берилген көрсөтмөлөрү боюнча тапшырса болот.

Тарабынан

Экинчи айлампа:  Арыздарды тапшыруудагы техникалык талаптар

Бишкектеги АКШ Элчилиги бардык кабыл алынган кызыкчылыкты билдирген сунуштамаларды карап чыгат жана анын ичинен тандалган гана мекеме/уюмдарды экинчи айлампага чакырат. Чакырылган талапкерлер Каржылоо Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Билдирмеде (NOFO) арыздарды тапшыруудагы техникалык талаптары берилген Е бөлүмүндө көрсөтүлгөн толук гранттык документтердин жыйындысын тапшырышы керек.

Тандалган гана талапкерлер төмөндөгү арызды толугу менен тапшырышат:

  1. SF424 and SF424a;
  2. Уюм жөнүндөгү маалымат барагы;
  3. Долбоордук арызы;
  4. Бюджет;
  5. Долбоордун мониторинг жана баалоо таблицасы;
  6. Долбоордун негизги кызматкерлеринин бир барактуу резюмелери (Эскертүү: туулган күн, жеке адреси сыяктуу жеке маалыматты кошпоңуз);
  7. ӨЭУнун каттоо жөнүндө Юстиция министрлигинен күбөлүк көчүрмөсү.

Тандалган талапкерлерге толук арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү кабарланат. Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган, толук же туура эмес толтурулган, түзүлүшү туура келбеген же эскирген түрдө толтурулган арыздар жараксыз болуп эсептелинет.

Эскертме:  Көлөмү 10MB ден ашкан бардык иш кагаздар автоматтык түрдө электрондук почта системасы тарабынан кабыл алынбайт.

Кеңири маалымат алуу үчүн АКШ Элчилигинин Китеп которуу долбоорунун бөлүмү менен  BishkekProjectProposals@state.gov электрондук дареги аркылуу байланышсаңыз болот.