АКШ Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Китеп которуу программасын ачык деп жарыялайт. Америкалык авторлорунун китептерин кыргыз тилине которуп, басып чыгаруу үчүн жергиликтүү басмаканалар, билим берүү мекемелери жана коомдук ишканалары сунуштарын жиберүүсүнө чакырылат.
Китеп которуу программасы автордук укуктарды сатып алууну(керек болгон учурда), которууну жана басып чыгарууну каржылайт. Орточо гранттын суммасы 10000-15000 АКШ долларын түзөт. Китептердин минималдык басып чыгаруу тиражы 3,000 экземплярды түзөт.
Басып чыгарылган китептер АКШ Элчилиги жана кызматташтык уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемеренине жана жалпы мамлекеттик китепканаларга акысыз таратылат.
Бул жылы программа мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайларынын студенттерине ылайык болгон аял затынын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаштарды жана жалпы жарандарды активдештирүүгө, ишмердүүлүк, илим жана технологияга арналган адабий жана илимий популярдуу чыгармаларына арналат.
Проекттин кыскача баяндамасын жана бюджетин англис тилинде АКШ Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө 2018 жылдын 5 февралынан кечиктирбей, төмөнкү электрондук адреске жөнөтүңүз. Кошумча маалымат учун АКШ Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмгө төмөнкү телефон боюнча кайрылыныз: (0312) 59-70-70 (7698), e-mail: BishkekProjectProposals@state.gov.