„2014 жылдын жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниялары“ салтанатуу түрдө сыйлык берүү аземи

Жери: Сити отель, Бишкек ш.

Датасы: 2015-жылдын 24-февралы, 17:00 -19:30

Катышуучулар: Жалпысынан 80ге жакын катышуучулар күтүлүүдө, алардын ичинен: жаштардын жана аялдардын кампанияларын демилгесин көтөргөндөр, „Эл аралык толеранттуулук үчүн“ фондусунун мүчөлөрү, Saferworld уюму, „Жарандык бирдик“тин өкүлдөрү, жергиликтүү ММК мүчөлөрү, жергиликтүү жана чет элдик коммерциялык эмес уюмдардан, БУУНун агенттиктери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана анын астындагы Академиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги катышууда.

24-февралда укук коргоо органдары менен эл-журттун арасындагы ишенимди бекемдөө жана өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн кампанияларды салтанатуу түрдө сыйлык берүү аземи өткөрүлөт. „2014 жылдын жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниялары“ конкурсу, “Милициянын жана коомчулуктун социалдык өнөкөштүгү” долбоорунун алкагында, жаштардын жана аялдардын лидерлери үчүн өткөрүлгөн тренингтин натыйжасы болуп саналат. Тренинг 2014 жылы сентябрь айында Saferworld уюму тарабынан өткөрүлгөн. “Милициянын жана коомчулуктун социалдык өнөкөштүгү” долбоору Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин баңги зат каражаттарын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иш аракеттери боюнча Кеңсесинин (INL) каржы көмөгү астында ишке ашырылууда. Кампаниялар 2014-жылдын 20-ноябрдан тартып 2015-жылдын 20-февралга дейре ишке ашырылган. Жаштардын демилгелери алкоголдук жана баңги заттарга, зордук-зомбулукка жана жаштардын кылмыштуулукка барууга, радикалдуу диний агымдарга тартылууга каршы, терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында багытталган.

Ички иштер министрлигинин, Saferworld уюмунун, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун, INLдын жана ММКнын өкүлдөрүнөн камтыган калыстардын тобу төмөнкү даражаларда баалап жеңүүчүлөрдү таап чыгышты. Катышуучулар төмөнкү даражаларда мелдешишти: ММК аркылуу эң көп чагылтырылган кампания, жаңычылдык кампания, ички иштер органдары менен эң мыкты өнөктөшүүсү, жаштарды жана аялдарды эң мыкты мобилизациялоо, сырттан кошумча эң көп каржы булактарын тарттыруу, кампаниянын масштабдуулугу. “Ар бир инсан дүйнөдө тынч, толук баалуу, чыр-чатаксыз жана коркунучсуз  жашоо жүргүзө алат“ деген Saferworld уюмунун көз карашына эң эле жакын жана мааниси жактан так келген кампанияга, Saferworld уюмунун өзгөчө сыйлыгына ээ болот.

Программа:

17:00               Церемониянын ачылышы

17:20 – 18:20  Номинацияларды жарыялоо жана сыйлык берүү

18:20 – 19:30  Коктейль