Бишкек, Кыргызстан – Өлкөдө билим берүүнү өөрчүтүү боюнча аракеттердин алкагында, АКШ USAID аркылуу Чүй, Жалал-Абад, Ысык-көл жана Нарын облустарынын 80 мектебинин 1000 мугалими үчүн башталгыч мектепте окууну үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары боюнча семинар өткөрүүдө. Мугалимдер 72 сааттык окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргыз билим берүү академиясынын сертификатын алышып, жаңы ыкмаларды өз мектептеринде колдонуп башташат. Бул семинарлар, USAID-дин жаш балдардын текст окууну жана аны түшүнүүнү жакшыртуу боюнча долбоорунун бир бөлүгү.
Семинардын катышуучулары 1-4-класстагы окуучулардын окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча текшерилген ыкмаларды өздөштүрүшөт. Январдын 11-22 өтүп жатакан тренингде, мугалимдер окуунун негизги компоненттерин, фонематикалык кабыл алуунун методдорун, шар окуунун жана окуган текстти түшүнүүнүн негиздерин талкуулап жатышат.
“Бул беш күндүк тренинг өзүмдүн окутуу ыкмаларымды кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Мен өз тажрыйбамды башка мугалимдер менен салыштырып, кээ бир мугалимдер такыр башка ыкмаларды колдоноорун көрдүм. Ал мага абдан пайдалуу жана кызык болду”, – деп, Жайыл районунун “Спартак” орто мектебинин окутуучусу Рыскан Тикимбаева 40 сааттык тренингди аяктагандан кийин өз ою менен бөлүштү.
USAID уюштурган семинарлардан Кыргызстан боюнча 9 миңден ашуун мугалим өттү. Алардын 3,6 миңи Кыргыз билим берүү академиясынын сертификаттарын алышты. Андан тышкары, USAID Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташып, окуу боюнча жаңы стандарттарды киргизүүгө, методолгиялык колдонмолорду иштеп чыгууга, окуучулардын окуу жөндөмүн баалоого жана окууну элге жайылтуу боюнча иш-аракеттерди уюштурууда көмөк көрсөтүп келет.
Семинардын алып баруучуларынын бири Ольга Дудкинанын айтымында, семинарга атайын муктаждыгы бар окуучулар үчүн мектептердин мугалимдери катышкандыгы өтө жакшы болду. “Жөнөкөй мектептерден тышкары, бизде угуу жана көрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын интернат-мектебинен келген мугалимдер да бар. Алар мындай семинарларга дээрлик катышпайт. Алар үчүн биздин окутуу курстарыбыз жаңы нерсе болуп, чоң кызыгуу жаратты”, – дейт Ольга Дудкина.
USAID-дин “Бирге окуйбуз” долбоору Кыргызстан боюнча 250 миң окуучуга жаңы окуу ыкмаларын алып келип, пайдалуу болушу күтүлүүдө. Бул долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, информация жана туризм министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.
Бул АКШнын кызматташтык программаларынын бирөөсү гана. Калгандары жөнүндө толук маалымат үчүн бул сайтка кириңиз: www.usaid.gov/kyrgyz-republic