Бишкек, Кыргызстан, – «Тоо кен тармагында кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууну жолго коюу жана чыр-чатактарды азайтуу» деген темадагы эки күндүк улуттук конференция бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде башталды. Конференциянын башкы максаты – мамлекеттик уюмдар, тоо-кен компаниялары жана жергиликтүү коом ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу жана карым-катышты чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Конференциянын ишине Өкмөт жетекчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, тоо-кен компанияларынын, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жолугушуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен Борбордук Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда жүзөгө ашырып жаткан «Жергиликтүү ачык-айкын башкаруу жана кызматташуу боюнча демилге» программасынын өнөктөштүгүнүн алкагында өтүүдө.
Ушул жылы июнь айында Өкмөттө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен «Жергиликтүү калктын инвесторлор менен алгылыктуу иштешүүсү» деген темада тегерек үстөл өткөрүлүп, анда дагы тоо-кен компаниялары менен жергиликтүү коомдоштуктар ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу максатында жолугушууларды дайым өткөрүп туруу зарылдыгы белгиленгендигин айта кетели.
КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Дүйшөнбек Зилалиев белгилегендей: “Мамлекеттик уюмдар менен жеке менчик тоо-кен компанияларынын ишинде ачык-айкындыкты камсыздоо, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу чыр-чатактардын чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтууга болот”.
Конференциянын катышуучулары БАЕФтин «Жергиликтүү ачык-айкын башкаруу жана кызматташуу боюнча демилге» программасынын иши менен таанышат. “БАЕФ жергиликтүү коомду өнүктүрүү жаатында эчактан бери эле иштеп келет. Ошондуктан биз тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүүнүн жоктугуна кайдыгер карап тура албадык. USAIDдин колдоосунда биз тоо-кен компаниялары иш жүргүзгөн коомдогу чыр-чатактардын алдын алууга багытталган программаны баштадык. Кен байлыктарды казып алуунун пайдасы жана тобокел жактары жөнүндө объективдүү маалымат жеткирүү максатында жергиликтүү калк арасында, жергиликтүү бийлик органдарында маалымат берүү-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, – дейт Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруу деректири Динара Мусабекова.
БАЕФтин «Жергиликтүү ачык-айкын башкаруу жана кызматташуу боюнча демилге» программасы Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Бул программа жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Ал ошондой эле кен казып алуу тармагында ачык-айкындыкты, коомдук ишенимди жана өз ара түшүнүүнү жакшыртуу максатын да көздөйт. Долбоор жөнүндө толугураак маалыматты бул сайттан алууга болот: http://www.efca.kg/project-view/local-transparency-and-cooperation-initiative/