Юристердин америкалык ассоциациясынын Укуктун жогорулугу программасы (ABA ROLI) Кыргыз Республикасы үчүн юридикалык кесибин реформалоо индексинин (ЮКРИ) экинчи бөлүгүн тартуулады. Презентация Бишкек шаарында, Ак-Кеме мейманканасында расмий иш-чара алкагында болуп өттү. Юридикалык кесибин реформалоо индекси ABA ROLI тарабынан иштелип чыккан аналитикалык методологиянын негизинде даярдалды. ЮКРИ – бул демократия багытындагы, жаңы өнүгүп келе жаткан жана өткөөл мамлекеттердин, эл аралык стандарттардын негизинде, укуктук кесибинин калыптануу процесстерин анализдөө болуп эсептелет. ЮКРИни басып чыгуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) финансылык колдоосунун негизинде, ABA ROLI тарабынан ишке ашырылды жана бекер таратылат.
Индекстин бөлүмдөрү, өлкө тууралуу, жана тарыхый-укуктук контекстинин негизинде Кыргызстандын адвокаттарынын иш алып бару шарттарынын мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт. Белгиленгендерди эске алуу менен, ЮКРИ көптөгөн маанилүү маселелерди, алардын ичинде адвокаттардын профессионалдык иш-аракеттерин тескөөчү шарттар жана ченемдерди, профессионалдык квалификациясынын деңгээлин; профессионалдык эркиндикти жана кепилдикти; укуктук кызмат өтөө, жана бөлөк юридикалык кесиптин өкүдөрү, прокуратура, укук-коргоо жана сот кызматкерлери менен болгон карым-катнаш маселелерин камтыйт.
ЮКРИде берилген маалыматтар, анализдеги 24 факторунун кайсы бирине тура келүүчү укуктук жана башка маселелерди терең анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн стандарттык формада бил тилке топтолуп, ЮКРИге киргизилди.
Юридикалык кесибин реформалоо индекси ABA ROLIнин көз карашын же оюн чагылдырбайт. Тескерисинче, ЮКРИде берилген жыйынтыктар республиканын мыйзам ченемдеринин, көптөгөн кошумча документтердин, Кыргызстандын адвокаттар, прокурорлор, соттор, мамлекет кызматкерлери жана бөлөк юридикалык кесибинин өкүлдөрү арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун негизинде алынган маалыматтардын негизине таянды.
ЮКРИ камтыган аналитикалык маалыматтар ар кайсы эл-аралык мекемелер- эл-аралык өнүктүрүү багытында иш алып барган жана техникалык көмөк көрсөтүп жаткан уюмдар, жана башка Кыргызстандагы укук реформасына байланышы бар баардык мекемелер үчүн, укуктук кесипти реформалоо алкагында өздөрүнүн иш багыттарын аныктоодо өтө пайдалуу. ЮКРИ стратегиялык иш-чараларды пландоодо жана ошондой эле, укуктук кесипти реформалоо алкагындагы процестерди көзөмөлдөөдө, жана укуктук кесиптин алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө негиз катары колдонулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасы үчүн юридикалыклык кесибин реформалоо индексинин экинчи бөлүмү, кыргыз,орус жана англис тилдеринде www.abarol.org сайтында жайгаштырылган. Андан тышкары ABA ROLIнин Бишкектеги кеңсесинен, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып, алсанар болот (тел.: +996 (312) 31-41-41;89;96).
ABA ROLI – мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү колдогон, укуктун жогорулугун туу туткан эл-аралык өнүктүрүү программасы. Ал адвокаттарга жана башка юридикалык кесиптин ээлерине колдоо алкагында, алардын квалификациясын жогорулатуу жана коомчулуктун оюнда укуктун жогорулугу принцибинин тамыр алышына багытталган көптөгөн программаларды иштеп чыгуу алкагында иш алып барат. ABA ROLI дүйнө жүзүндө 50 дөн ашык мамлекеттерде ишин жүргүзөт.