2014-жылдын 26-июнунда АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү боюнча Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган АИВ жана кургак учук боюнча диалог долбоору Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында Эл аралык баңгизаттарын колдонууга жана аларды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү күнүнө карата коомдук иш-чаралардын сериясын уюштурат.
Кыргыз Республикасы Афганистанга жакын жайгашкандыгына байланныштуу, баңгизаттарын колдонуу жана баңгизаттарын сатуу өлкөдөгү өөрчүп бара жаткан көйгөйгө айланды. Кыргызстан – Афганистандан ташылып чыккан ири көлөмдөгү баңгизаттарын мыйзамсыз айлантуу жолундагы транзиттик өлкө болгондуктан, баңгизаттардын олуттуу бөлүгү республиканын аймагында калып калууда.
26-июнда кеңири спектрдегиар кандай иш-чаралар уюштурулат, анын ичинен: баңги колдонуунун алдын алуу жана дарылоо боюнча билим берүү сессиясы, реабилитациялык программалар, анын ичинен алмаштыруучу метадон терапиясы жөнүндө маалымат берүү. Алмаштыруучу метадон терапиясы программасынын кардарлары башкаларды ийне аркылуу баңги керектөөдөн баш тартууга өбөлгөлөө үчүн өздөрү дарыланган тажрыйбасын айтып беришет. Иш-чаралардын учурунда нарколог-дарыгерге баңгизаттар, баңги колдонуунун кесепеттери, баңгиликтен дарылануу жөнүндө суроолорду берүүгү мүмкүнчүлүк болот. Катышуучулардын арасында баңгизаттарын колдонуу жана баңгиликтен дарылануу жөнүндө маалыматтарды жогорулатуу үчүн викториналар, ошондой эле бир катар спорттук мелдештер уюштурулат. Мындан тышкары, иш-чаралардын учурунда маалыматтык материалдар жана баңгиликтен дарылануу боюнча кызматтарды алууга жолдомолор таратылат.
«Социум» ЖЧКсы Бишкек шаарында «Баңгизаттар жок жашоо» акциясын өткөрөт. Акциянын катышуучулары үчүн наркологдун катышуусунда суроо-жооптордон турган билим берүү сессиясы, плакаттардын сынагы жана футбол боюнча мелдештер болот. Иш-чара Бишкек шаарындагы Профессор Зима жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги футбол талаасында өтөт. Иш-чаранын башталышы күндүзгү саат 11-00.
«Плюс Центр» коомдук фонду, Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат (БКМК) менен бирге «Дени сак жашоо образы – сенин жаңы баңгизатың» аттуу акция өткөрөт.Иш-чаранын катышуучуларынын баары Кыргызстадагы баңгазаттарын колдонууга жана мыйзамсыз айлантууга байланыштуу жалпы жагдай тууралуу маалымат алышат. Катышуучуларга БКМКнын Баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча тобунун жоокерлеринин даярдыгы көрсөтүлөт. Иш-чара Ош шаарындагы «Плюс Центр» коомдук фондунун Реабилитациялык борборунун имаратында өтөт.
USAID – Борбор Азиянын элдери менен бирге социалдык жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшкөн американын алдыңкы өкмөттүк агенттиги.
Кенен маалымат алуу үчүн, сураныч, USAID/Кыргызстандын төмөнкү веб-баракчасына кириңиз:http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic.