Биз жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынганына кооптонуп турабыз. Бул долбоор массалык маалымат каражаттардагы жалган маалыматка каршы күрөшкөнү менен, Кыргызстандагы сөз эркиндикке терс таасир тийгизет. АКШ элчилиги долбоорго кол койбоого чакырат. Биз президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, Кыргызстандын өнүүгүсүнүн демократиялык перспективасын улантууга жана Кыргызстандын элинин фундаменталдык укуктары болгон сөз эркиндиги жана ой-пикирин эркин билдирүүнү чечкиндүү түрдө колдоого чакырабыз.
Президент Обаманын айтуусунда, «Тарых көрсөткөндөй, ийгиликтүү, гүлдөп турган жана туруктуу коомдун негизги шарты – бул эркин пресса, анда жарандар маалыматты эркин алышат жана өкмөт аларга жоопту болот».