Эки жаңы чегара пост АКШ Бобордук Командачылыгынын колдоосу менен Баткенде ачылды

АКШ Элчилигинин аскерий атташе Сюзанна Хенденсон жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматтын төрагасынын биринчи орун басары полковник Искендер Мамбеталиев Баткен областтагы Айкөл менен Кулунду чек ара посттордун ачылышы аземдеринде тасмачаларды чогу кесишти.

Эки жаңы чек ара посттордун ачылышы АКШ Борбордук Командачылыгынын тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматынын алыскы аймактарда жайгашуу жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүрүүгө каршы чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максаты менен баңгизаттар менен күрөшүү программасы аркылуу каржыланган.  Айкөл менен Кулунду посттор Баткен областтын Лейлек районунда жайгашкан.

Кыштын эң суук маалында чегарачылардын жашоо шарттары өтө кыйын болууда.  Кыштын көпчүлүк маалында Айкөл посту каардын кесепети менен жакынкы айылдар менен байланышуудан ажырап калат. Полковник Мамбеталиев белгилеп кеткендей, эми чек ара аскерлерине АКШ өкмөтүнүн жардамы менен чек аранын көп жерлеринде жайгашып өз максатын аткарууга жакшы шарт түзүлдү.