23-июнунда Чолок-Арык айылында чек ара аркылуу өтүүчү Аспара дарыясында эсепке алуунун суу өлчөгүч системасынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чаранын уюштуруучусу Борбордук Азиядагы Чөлкөмдүк экологиялык борбору (БАЧЭБ) болду. Ал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосундагы «Саясатты бирге иштеп чыгуудагы кызыкдар тараптардын өнөктөштүгү: Борбордук Азиядагы кичи суу бөлгүчтөрдөгү чек аралык кызматташууга көмөктөшүү» долбоорун жүзөгө ашырат. Бул долбоор жергиликтүү деңгээлде кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган. Долбоор аймактардагы суу ресурстарын башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартып, жергиликтүү муктаждыктар жана керектөөлөр эске алат.
Аспара дарыясынын алабында төмөнкү көйгөйлөрдүн өтө курчтугу сезилип турат: ичүүчү суунун жетишсиздиги жана анын сапатынын начарлыгы, сугат системаларынын иштен чыгышы, сугат суусунун жетишсиздигинин айынан айдоо аянтарынын азайышы, эмгек миграциясы. Дарыянын суу ресурстарын пайдалануудан келип чыккан көйгөйлөрдөн улам дарыя алабында жашаган жергиликтүү тургундардын ортосунда бир далай талаш-тартыштар болуп турат.
Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоордун алкагында дарыянын Казакстан тарабында, ошондой эле Кыргызстан тарабында кызыкдар болгон тараптардын топтору – Кичи алаптык кеңештер (КАК) түзүлгөн. КАКка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдары, суу пайдалануучулар жана жергиликтүү тургундар кирген. Ар бир тарапта КАКтын мүчөлөрүнүн аныктоочу отурумдары өткөрүлгөндөн кийин, тараптар вегетациялык мезгил башталганга чейин КАКтын биргелешкен жолугушууларын өткөрүү боюнча каалоолорун билдиришти.
2013-жылдын 13-майында өткөрүлгөн отурумга Кыргызстан жана Казакстан тарабынан КАКтын өкүлдөрү, долбоордун адистери жана БАЧЭБдин өкүлдөрү катышкан. Отурумдун жыйынтыгы боюнча, сууну бөлүштүрүүдөгү чыр-чатактардан оолак болуу үчүн дарыя агымынын тагыраак мониторинги үчүн суу өлчөгүч жабдууларын орнотуунун зарылдыгы жөнүндө эки тарап тең макулдугун билдиришкен.
Чолок-Арык айылында 2014-жылдын 23-июнунда чек ара аркылуу өтүүчү Аспара дарыясында эсепке алуунун суу өлчөгүч системасынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чаранын уюштуруучусу Борбордук Азия Чөлкөмдүк экологиялык борбору (БАЧЭБ) болду. Ал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосундагы «Саясатты бирге иштеп чыгуудагы кызыкдар тараптардын өнөктөштүгү: Борбордук Азиядагы кичи суу бөлгүчтөрдөгү чек аралык кызматташууга көмөктөшүү» долбоорун жүзөгө ашырат. Бул долбоор жергиликтүү деңгээлде кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган. Долбоор аймактардагы суу ресурстарын башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартууу саналат, мында жергиликтүү муктаждыктар жана керектөөлөр эске алынат.
Аспара дарыясынын алабында төмөнкү көйгөйлөрдүн өтө курчтугу сезилип турат: ичүүчү суунун жетишсиздиги жана анын сапатынын начарлыгы, сугат системаларынын иштен чыгышы, сугат суусунун жетишсиздигинин айынан айдоо аянтарынын азайышы, эмгек миграциясы. Дарыянын суу ресурстарын пайдалануудан келип чыккан көйгөйлөрдөн улам дарыя алабында жашаган жергиликтүү тургундардын ортосунда бир далай талаш-тартыштар болуп турат.
Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоордун алкагында дарыянын Казакстан тарабында, ошондой эле Кыргызстан тарабында кызыкдар болгон тараптардын топтору – Кичи Алаптык Кеңештер (КАК) түзүлгөн. КАКка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ӨЭУ, суу пайдалануучулар жана жергиликтүү тургундар кирген. Ар бир тарапта КАКтын мүчөлөрүнүн аныктоочу отурумдары өткөрүлгөндөн кийин, тараптар вегетациялык мезгил башталганга чейин КАКтын биргелешкен жолугушууларын өткөрүү каалоолорун билдиришти.
2013-жылдын 13-майында өткөрүлгөн отурумга Кыргызстан жана Казакстан тарабынан КАКтын өкүлдөрү, долбоордун эксперттери жана БАЧЭБдин өкүлдөрү катышкан. Отурумдун жыйынтыгы боюнча, сууну бөлүштүрүүдөгү чыр-чатактардан оолак болуу үчүн дарыя агымынын тагыраак мониторинги үчүн суу өлчөгүч жабдууларын орнотуунун зарылдыгы жөнүндө эки тарап тең макулдугун билдиришкен.
Ачылыш аземге USAID Борбордук Азиядагы Миссиясынын директору Джонатан Аддлтон жана Кыргызстандагы USAID Миссиясынын директору Майкл Грип, ошондой эле USAIDдин башка өкүлдөрү, Борбордук Азия Чөлкөмдүк экологиялык борборунун аткаруучу директору Искандар Абдуллаев, Панфилов районунун акиминин орун басары жана Аспара дарыясы боюнча Кичи Алаптык Кеңештин төрагасы Канат Давлетов жана Мерке районунун акиминин орун басары жана Аспара дарыясы боюнча Кичи Алаптык Кеңештин төрагасы Камбар Смаилов катышат.