Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча университеттердин консорциумунун чыгааны болгон Кыргыз улуттук университети, коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча «Кыргыз жарандык сектор теорияда жана практика жүзүндө» аттуу темада Алгачкы конференциясын өткөрөт. Конференция 2014-жылдын 4-июнунда саат 9.30 дан 16.00 чейин Бишкек ш., Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз улуттук университетинин экинчи кабатындагы «Чоң азем залы» конференц-холлунда болот.
Джонс Хопкинс университетинин жарандык коомду изилдөө борбору менен бирдикте Биргелешип башкаруу программасы жана анын университтердин консорциуму боюнча шериктештери азыркы күндө коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча окуу курсун академиялык программага киргизүү туурасында иш жүргүзүүдө. Бул иш-чара коммерциялык эмес уюмдардын келечектеги башкаруучуларын мыктылоо максатында жүргүзүлүүдө. Аталган программанын негизги максаты – жарандык секторго мамлекеттик органдардын жана менчик сектордун Кыргыз Республикасынын элинин кызыкчылыгына ылайык мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда шериктеш болуусуна жардам берүү.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Канат Садыков, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Майкл Грин, этника, дин саясаты жана жарандык коомдун институттары менен карым-катнаш боюнча бөлүм башчысы Мира Карыбаева жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидиновдор катышат. Эл аралык сабырдуулук үчүн фондусунун президенти Рая Кадырова «Кыргызстандын жарандык коому: тарыхы, жетишкендиктери жана жаңы кыйынчылыктары» темасы боюнча сүйлөйт. Андан кийин «Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүүгүүсүндө мамлекеттик, менчик жана жарандык сеторлордун орду» темасында дискуссия өткөрүлөт. Дискуссияда Президентке караштуу этника жана дин саясаты жана жарандык коомдун институттары менен карым-катнаш боюнча кафедрасынан Жанна Каралаева, Эл аралык сабырдуулук үчүн фондусунун президенти Рая Кадырова, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасына караштуу мамлекеттик-менчик шериктештик, фондулук базарлар жана инвестициялар комитетинин төрагасы Нурбек Элебаев жана «Шоро» компаниясынын генералдык директору Нурбек Атаканов катышышат. Түштөн кийинки сессияда мугалимдер жана жарандык коом уюмдары боюнча адистер жарандык коом уюмдарынын ийгиликтүү болушуна керек болгон зор маанилүү суроолорду карайт. Мисалы, кайыр-садага, социалдык ишкердик, жоопкерчилик, жогорку окуу жайларынын жана коммерциялык эмес уюмдарынын орду.
Биргелешип башкаруу программасы башка көптөгөн программалар сыяктуу Америка элинин колдоосу катары АКШ эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги аркылуу ишке ашырылып жатат, ал Чыгыш-Батыш башкаруу институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий мекемелер жана жарандык коом уюмдары менен болгон тыгыз байланышта жүзөгө ашырылып жатат.
USAID программалары жана семинар туурасында www.usaid.gov, жана www.university.kg сайттарынан кеңири мааламат ала аласыз.