Убактылуу ишенимдүү өкүл Ош, Жалалабад жана Баткенде

3-5 сентябрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Лаура Грисмер Ош, Жалалабад, Өзгөн, Кызылкыя жана Карасуу шаарларына барып, жергиликтүү бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту. Грисмер айым жергиликтүү бийлик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер менен жолугуп, аймактагы маанилүү маселелер боюнча пикир алышты.

Өзгөчө Жалалабаддагы Америка Бурчунда мектеп окуучулары жана студенттер, ал эми Кызылкыядагы америкалык пилоттук мектебинин окуучулары менен болгон жолугушуулар абдан кызыктуу өттү. Убактылуу ишенимдүү өкүл окуучулардын билим тууралуу, англис тилин өркүндөтүү жана АКШга барып, билимин улантуу сыяктуу ойлорун угуп, аябай таасирленди.