Тынчтык Корпусунун Кыргызстандагы ыктыярчылар тобу 1-чи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында таймашууда

Чолпон-Ата, Кыргызстан, 9-сентябрь 2014 – Тынчтык Корпусунун Кыргызстандагы Америкалык 5 ыктыярчысы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан 1-чи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунда катышышып жатышат.  Бул топ – Марин Леваллен,  Эдвард Йу, Дэвид Рамрас, Гус Халин жана Шон Хейнеман аттуу Кыргызстанда иштеп жатышкан ыктыярчылар.  Алар Оюндарда Америка Кошмо Штаттарын жана Тынчтык Корпусун Тогуз-Коргоол кыргыз улуттук оюнунда көрсөтүп мелдешке катышышат.  Бул Оюндарга катышуу үчүн дуйнөнүн ар кайсы улуттагы 350 спортчулары Азербайджан, Австрия, Беларус, Бразилия, Германия, Казахстан, Литва, Монголия, Таджикистан, Узбекистан, Турция, Туркменистан, Швеция, Түштүк Корея, Россия, Венгрия, Туштүк Африкадан атайын келишти.

Тынчтык Корпусунун бул ыктыярчылар тобу уюмдун  Кыргыз Республикасында жүргүзгөн иш-аракетин так көрсөтөт. Мисалы, Марин жана Эдвард ден-соолукту чыңдоо программасында, Гус менен Дэвид жамааттарды туруктуу өнүктүрүү, ал эми Шон мырза англис тилди үйрөтүү программасынын ыктыярчылары болуп Кыргызстанда эмгектенишет. 1-чи Көчмөн Оюндарга катышуу менен бул ыктыярчылардын ар бири Тынчтык Корпусунун 3-чү максатын –Кыргызстан элинин маданиятын Америкадагы үй-бүлөлөрү, жамааттары менен бөлүшүп, максатты эң жакшы аткарышып жатышат. Оюндар кыргыз тилинде өтүп жаткандыктан, бул топтун оюнчулары кыргыз тилинде эркин сүйлөшөт. Ошону менен бирге, балдар биздин маданиятыбызды дагы үйрөнүүгө чоң умтулуусун көрсөтүп эле эмес,  өлкөнүн ар кайсы областтарындагы жаматтар менен шериктеш болуп иштөөгө болгон даярдыгын көрсөтүшөт.

Тынчтык Корпусунун Кыргызстандагы Директору Тэмми Харрис айым Тогуз-Коргоол оюнунун ачылыш аземине катышып, бул топко абдан чоң колдоо көрсөтүп келди.

1-чи Дүйнөлүк Көчмөн Оюндары регионалдык байланыш, улуттар аралык достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө  зор салымын кошот жана ошондой эле улуттардын түбү бирдигин жана жалпылыгын көрсөтөт. Оюндарда Көк-Бөрү, Кыргыз Күрөш, Алыш, Оодарыш, Ат-чабыш, Жорго салыш, Кунан чабыш, Кыз-Куумай, Ордо, Тогуз-Коргоол оюндары боюнча мелдештер өтөт.

Көчмөн оюндары  бул жуманын ичинде өткөрүлүп жатат. Акыркы оюндар жуманын аягында аякташат. Оюндар боюнча тагыраак маалымат алыш үчүн, бул дарекке кириңиз www.worldnomadgames.com.