18-декабрдан 20-декабрга чейин Бишкек шаарында Ак-кеме мейманканасында Транспорт жана логистика боюнча регионалдык семинар өтөт. Бул семинарга мамлекеттик ведомстволордун жана жеке сектордун, анын ичинде алып ташуучулар, чоң жүк ташуучу жана эскедиторлук компаниялар, Афганистан, Индия, Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Таджикистан, Туркменистан жана Узбекистанда жайгашкан логистикалык жана сактоочу жайларды камсыз кылуучу компаниялардын өкүлдөрү катышат. Катышуучулар кырдаалдуу маселелерди чечүү жолдорун жана Борбордук жана Түштүк Азия боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Семинарда төмөнкү темалар каралат:
- Эл аралык жүк ташуунун жана транзиттин заманбап аспектилери
- Эл аралык автомобилдик жол аркылуу жүк ташуу системасынын колдонулушу жана аны өнүктүрүү
- Муздак жүктөрдү ташууну башкаруу
- Логистика борборлорун айкалыштыруу
- Борбордук Азияда соода-сатыкты жеңилдештирүү
- Катышып жаткан өлкөлөрдүн транспорттук сектору тууралуу кыскача баяндамалар
- Логистика борборуна баруу
Бул семинар USAIDдин соода-сатыкты жана кирешени өнүктүрүү боюнча долбоору, Борбор-азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык (БАЭК) уюмунун мүчөлөлүктө турган өлкөлөрдүн Жүк ташуучулардын жана экспедиторлордун ассоциясынын федерациялары, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана Эл аралык автомобилдик жүк ташуучулардын Кыргыз Республикасындагы ассоциациясынын кызматташтыгы менен уюштурулууда.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) соода-сатыкты жана кирешени өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Бажы кызматына, Экономика Министрлигине, бизнес ассоциацияларга, ташуучулардын бирикмелерине, бажы далдалчыларына жана башка жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө. USAIDдин соода-сатыкты жана кирешени өнүктүрүү боюнча долбоору реформага жана өрөөндүк кызматташтыктын өнүгүшүнө багытталган демилгелерди колдойт. Бул долбоор тууралуу кененирек маалыматты биздин сайттан орус тилинде таба аласыздар: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/afghanistan-trade-and-revenue-project