Белгилүү америкалык ашпозчулар Тим Байерс жана Ян Бич 9-15-сентябрда Кыргызстанга келип, кесиптешери, ресторандардын ээлери, кулинардык окуу жайлардын окуучулары менен тажрыйба алмашат жана даамдуу тамактарды баалаган адамдар менен кездешет.
Байерс жана Бич мырзалар америкалыктарды “барбекю” аталышындагы эт тамагын жасаган устаттар болгондуктан, жергилүктү элдин тамак-ашында эт негизги орунду ээлеп турган өлкөгө барган мүмкүнчүлүккө ыраазы болуушуда. Чет өлкөлүк ашпозчулар тамак даярдоонун сырлары жана рецепттери менен Кырызстандагы алдынкы ашпозчулар менен Бишкектеги кулинардык окуу жайлардын окуучулары менен бөлүшөт.
Коомчулук конок ашпозчулар жана алардын чеберчилиги менен “Замана” жана НТСтеги кулинардык телеберүүлөр же гезиттер аркылуу тааныша алат. Ошондой эле “Супара” этнографиялык комплексинде 14-сентябрда өтө турган Шишкебек менен Барбекю фестивалында коноктордун жана кыргызстандык ашпозчулардын өнөрүн сынаса болот.