4-6-апрелде, Борбор Азиянын беш мамлекети жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү Борбор Азия эли үчүн жумуш орундарды, гүлдөп-өнүгүүнү, жана туруктуулукту камсыз кылуу максаты менен жолугушат. Биз кызматташуу духун жогорулатуу жана эл аралык соода менен инвестиция үчүн ачык шарттарды түзүү үчүн эки күч-аракет аркылуу бирге иш алып барабыз: АКШ – Борбордук Азиялык Соода жана инвестиция жөнүндө алкактык макулдашуунун (ТИФА) Кеңеш жыйыны жана “C5 + 1” форматындагы Экономикалык жана аймактык байланыш боюнча жумушчу тобу.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ноябрь айындагы Борбор Азияга тарыхый сапарында ар бир өлкөнүн мамлекет башчысы менен туруктуу диалог жүргүзүү, жана аймактык мамилелерди бекемдөө үчүн Борбодук Азиянын тышкы иштер министрлерин бирге чогултуу үчүн иш-аракет кылган. Ал сапар жаңыланган мамилелердин башталышы болду.
Тараптар 2004-жылы кол койгондон бери, АКШ-Борбор Азия ТИФА келишими Америка Кошмо Штаттары менен Борбор Азиянын беш өлкөнүн баарына, ошондой эле байкоочу катары катышкан Ооганстанга жылда жолугуп, инвестиция, соода, регионалдык кызматташуу, экономикалык өнүгүү жана ченемдик-укуктук базаны реформалоо тууралу талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул формат өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча туруктуу диалог жүргүзүүгө шарт түзгөн, жана мындан ары да экономикалык кызматташтыкты бекемдеген ийкемдүү механизм болгонун далилдеди.
2015-жылдын ноябрында, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикистан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрлери жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Самарканд Декларациясы катары белгилүү “Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” тарыхый биргелешкен билдирүүсүн чыгарышкан. Бул документ аймактык кызматташтыкты мындан ары дагы күчөтүү үчүн “C5 + 1” аракетин баштаган.
C5 + 1 демилгеси регионалдык экономика жана соода, айлана-чөйрөнү коргоо жана кайра жаралуучу энергия, ошондой эле регионалдык коопсуздукка коркунучтар боюнча тематикалык жумушчу топторду камтыйт. Бул жумушчу топтор мындан ары өз ара кызматташуу багыттарын, анын ичинде ушул жайда АКШда орун алуучу министрлердин C5 + 1 жолугушуусуна карата конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгат.
Бул биргелешкен аракеттерибиз бажы саясаты жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган жалпы маселелерди алдыга жылдырат, жана өкмөттөрүбүзгө маанилүү экономикалык маселелер боюнча кызматташтыкты улантуу үчүн негиз түзөт. Эң маанилүүсү, бул аракеттер жумуш орундарды көбөйтүүгө жана аймактагы ишкердик байланыштарды күчөтүүгө түрткү берет.
Америка Кошмо Штаттары бул аракеттерге өнөктөш болгонуна сыймыктанат, жана эки тараптуу мамилелерибиздин 25-жылдыгын белгилеп жаткан учурда, Борбор Азиядагы ар бир өлкө менен көп жылдар бою иштеп чыккан өнөктөштүк үчүн ыраазычылыгын билдирет.
Ушул аптадагы жолугушуулар көп жылдык кызматташтыгыбыздын жана мамкатчы Керринин аймактык өнөктөштүктү, экономикалык өнүгүүнү жана регионалдык интеграциялоону күчөтүү максатындагы Борбор Азияга тарыхый сапарынын кезектеги баскычы болуп саналат.