Бишкек – 2015-жылдын 10-13-февралында «Кыргыз Республигадагы Чыгыш-Батыш СПИД Фонду» (AFEW) эркинен ажыратуу жайларында жана бошотулгандан кийин Адамдын иммундук дефицит вирусун (АИВ) – алдын алуу боюнча иштеген түрмөлөрдүн жана бейөкмөт уюмдардын 20 социалдык кызматкери үчүн семинар өткөрөт. Семинар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан АИВге каршы аракеттенүү боюнча долбоорунун алкагында каржыланат.
Социалдык кызматкерлер камакта отуруп келгендердин реинтерграциясын оңойлотууга жана керектүү социалдык, медициналык жана юридикалык жардамдарды алуусуна көмөктөшүүчү консультацияларды берүүнү үйрөнүшөт. Семинарда камактан бошонгондон кийин АИВден, кургак учуктан жана бангизатка берилүүдөн дарылануунун үзгүлтүксүз болуусу маанилүү экендигине да басым коюлат.
Камактагылар АИВге өзгөчө аярлуу, анткени алар кургак учук жана гепатит сыяктуу социалдык жактан маанилүү ооруларды жуктуруунун жогорку даражадагы тобокелдигине дуушар болуп турушат. Кыргызстандагы камактарда АИВ-инфекциянын жайылуусу жалпы коомго караганда ондогон эсеге жогору. Камактан бошонгондон кийинки биринчи айлар саламаттыкты сактоодо өзгөчө маанилүү, анткени мурунку соттолгондордун турак-жайынын, акчасынын, паспортунун ж.б. жоктугу сыяктуу көптөгөн татаалчылыктар медициналык жардам алууну кыйындатат..
АИВге каршы аракеттенүү долбоору эки жылдык аймактык программа болуп саналат, ал Борбор Азиянын түзөтүү мекемелериндеги АИВдин алдын алуу, дарылоо, АИВ менен жашап жаткан, баңгизаттарын колдонушкан адамдарды багуу жана колдоо көрсөтүү боюнча кызматтардын комплекстүү топтомун кеңейтүүгө багытталган. Ишке ашыруунун жүрүшүндө долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын сегиз аймактарындагы 16 түзөтүү мекемелеринен 11 120 соттолгон адамды камтууну ниет кылууда. 2015-жылы Кыргызстанда Долбоор Чүй областынын 9 түзөтүү мекемелеринде иш алып бармакчы. Долбоор AFEW-Казахстан жетектеген AFEW түйүнү тарабынан иш жүзүнө ашырылууда.
Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун менеджери Дина Масалимовага 0 312 596520 же 0 312 596520 телефон номурлары жана dina.masalimova@afew.kg электрондук дарегине кайрылууңуздарды суранабыз.