Саламаттык сактоо министрлиги МДИнин серептерин, саясат боюнча сунуштарды өткөрөт

2014-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында АКШнын Эл аралык Өнүгүү Агенттиги (USAID) каржылаган 2012-жылдагы Медициналык-демографиялык изилдөөнүн (МДИ) жыйынтыктарынын талдоолоруна арналган семинар болуп өттү. Улуттук статистика комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттери балдардын жана аялдардын тамактануусу, чоңдордун жана үй калкынын саламаттыгы аттуу төрт багыт боюнча жүргүзүлгөн МДИнин жана башка улуттук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулашып, саясатка бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча өзгөртүүлөрдү жана жаңы программаларды сунушташты. Семинарга КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн, КР Жогорку Кеңешинин Аппараттарынын өкүлдөрү менен бирге саламаттыкты сактоону башкаруунун региондук органдарынан, мамлекеттик органдардан, эл аралык уюмдардан жана бейөкмөт уюмдардан талкууланган багыттар чөйрөсүндөгү эксперттери жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышышты.

Эксперттер тарабынан түзүлгөн аналитикалык жазмалар саламаттыкты сактоодогу бир катар негизги маселелерди чагылдырат. Начар тамактануу курч көйгөй бойдон калууда –   курч чала тоюудан улам беш жашка чейинки балдардын дээрлик 20 пайызынын бойлору токтойт. Ал эми аялдардын арасында ашыкча салмакка ээ аялдардын саны өсүүдө. 15-49 жаш курактык категориядагы үч аялдын бирөөсү, ал эми 40-49 жаш курактык категориядагы төрт аялдын үчөөсү ашыкча салмакка же семиздикке ээ. Аз кандуулук дагы көп кездешүүдө жана кенже жаштагы балдардын 40% дан ашыгы, аялдардын 35% ы аз кандуулукка ээ. МДИнин аналитикалык серептеринде берилген сунуштар унду темир менен байытуу, кош бойлуу аялдарды курамында темири бар препараттар жана фолий кычкылы менен камсыздоо боюнча улуттук механизмдерге өзгөртүү киргизүүнү жана тамактануунун мыкты адаттарын түзүү боюнча медиа-кампанияларды уюштурууну камтыйт. Кенже жаштагы балдардагы чала тоюу узак мөөнөттүү терс натыйжаларды, анын ичинде окуудагы кыйынчылыктарды жана кийинки жашоосунда өнөкөт оорулардын жогорку коркунучтарын алып келиши мүмкүн. Чала тоюуну алдын алуу Өкмөттүн, медицина коомчулугунун, ишканалардын жана коомчулуктагы топтордун күчтөрүн бириктирүүгө жетишүү үчүн улуттук приоритет болушу керек.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Темирбекович  Калиев өз сөзүндө «МДИнин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын учурдагы саясатын жана коомдук саламаттыкты сактоонун программаларын баалоо үчүн чечүүчү мааниге ээ», – деп белгилеп өттү. Ошондой эле «Биз МДИнин жыйынтыктары менен саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо, жөндүү саясатты кабыл алуу жана жарандарыбыздын саламаттыгын жана жакшы жашоосун жакшыртуу үчүн керектүү маалыматтарга ээбиз» – деп кошумчалады.

Кыргызстандын МДИси демографиялык жана медициналык көрсөткүчтөрдү изилдөө боюнча бүткүл дүйнөлүк программалардын бир бөлүгү болуп саналат. Бул Программа төрөт, үй-бүлөнү пландоо, эненин жана баланын саламаттыгы жөнүндө маалыматтарды топтоого багытталган. 2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын МДИси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташтыкта жүргүзүлдү. МДИ үчүн финансылык жана техникалык колдоо Бириккен Улуттар Уюмунун калк чөйрөсүндөгү фондунун кошумча колдоосу менен USAID тарабынан көрсөтүлдү.