15 – декабрь күнү Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургундары өздөрүнүн Коомдук Алдын Алуу Борборунун (КААБ) ачылуу аземин майрамдашат. Бул борбор, жергиликтүү жамааттын тургундарынын, жергиликтүү башкаруу органын мүчөлөрү жана милиция менен кызматташтыгы негизинде курулган болуп, алар баардыгы коомдун коопсуздугуна тийешелүү болгон көйгөйлөрдү талкуулай жана чече турган жер болуп эсептелет. Жергиликтүү бийлик ушул борбордун ремонтоого жумшалган жалпы чыгымдарынын 30 пайызын өзүнүн бюджетинен камсыз кылгандыгын айтып өтүү зарыл. АКШ Элчилигинин Бангизат каражаттарын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иш аракеттери боюнча Кенсеси, аткаруучу өнөктөш уюмдар Сейфервоулд жана Эл Аралык Толерантуулук Коомдук Фонду бул долбоорду колдоп жатышат. Бул долбоор коомдун жашоочуларын жана милиция кызматкерлерин өздөрүнүн жамаатын коопсуз жана тынч жерге айлантырууда бирге алып бара жаткан иштерин жандандырып жана аларды бириктирип жатканын көрүп кубанып жатабыз.
КААБ жамаатардын коопсуздугу программасынын бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасы Мамлекетинин жана эл аралык уюмдардын жамаатардагы коопсуздукту жана мамилени чыңдоодо алып бара жаткан иш-аракеттерине салым кошуп жатат. Бул программа милиция, жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун ортосунда ишенимдүү, ызаттуу жана ар тарапты камтыган өнөктөшүктү жаратүүгө жана чындоого жана бул тараптардын чыр-чатактарды жана кооптуулукту жаратуучу себептер туруксуздукка алып келүүсүн алдын ала чечүүсүнө багытталган.
Сейфервоулдтун коомдук коопсуздук ык-амалы адамдардын коопсуздукту камсыз кылуу тажрыйбаларын туруктуу жакшыртууга багытталган. Бул ык-амал жамаат тургундарын эмне тынчсыздандырып жатканын түшүнүүгө жана коопсуздуктун себептерин жергиликтүү деңгээлде ыңгайлуу чечүү жолдорун аныктоого каратылган. Жергиликтүү деңгээлдеги өнөктөштөр менен бирге Сейфервоулд Түшүк Кыргызстандагы максаттуу жамаатардагы элдерди өздөрүнүн коопсуздук маселелерин аныктоосун жана чечүүсүн колдойт.