Flag

An official website of the United States government

«Көчүрмө мыйзамдар көйгөйлөрдү чече албайт». Американын элчиси менен маек
Тарабынан
8 МИНУТ ОКУЛДУ
October 6, 2023

«Көчүрмө мыйзамдар көйгөйлөрдү чече албайт». Американын элчиси менен маек

АКИpress агенттигине берилген маек

Президенттик С5+1 саммитинин жыйынтыгын кандай баалайсыз?

Бул жолугушуу үлкөн мааниге ээ. АКШ президенти Борбор Азиянын бардык беш лидери менен биринчи жолу жолугушту. Бул АКШнын Борбор Азия мамлекеттери менен болгон мамилесинде жаңы баракчанын ачылгандыгын билдирет. С5+1 лидерлеринин биринчи саммити жөн жерден чыккан жок. Ал Борбор Азия менен Америка Кошмо Штаттарынын көп жылдык тыгыз кызматташтыгына негизделген. Президент Байден айткандай, бул тарыхый учур. Биз жолугушуу берген дем конкреттүү тармактарда кызматташуубузду алдыга жылдырууга күч берет деп үмүттөнүп турабыз.

Кандай конкреттүү натыйжаларды тизмектеп бере аласыз?

Саммитте экономика, энергетика жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынган айрым милдеттенмелерди белгилеп кетейин. Окурмандар кызыкдар болсо, алар C5+1 Биргелешкен билдирүүнү карап чыкса болот – аны Бишкектеги АКШ элчилигинин веб-сайтынан англискыргыз жана орус тилдеринде тапса болот. 

C5+1 лидерлери аймактык жана жалпы экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн биргелешкен чечкиндүүлүгүн баса белгилешти. Алар АКШнын жеке бизнес секторунун Борбор Азиядагы инвестициясы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзө турган туруктуу экономикалык реформалардын мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты. Ал альтернативалык соода жолдорун өркүндөтүү, АКШ менен Борбор Азиялык бизнестин ортосундагы жаңы байланыштарга жеңилдиктерди түзүү жана англис тили менен кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча тренингдерди алган жаш адистердин аймактык тармагын түзүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. 

Айта кетсек, өнүгүп өөрчүп келе жаткан англис тили долбоору 2018-жылы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен түзүлгөн – Жаш адистер үчүн англис тили программасы. Бүгүнкү күнгө чейин долбоорго Кыргызстандын 5000ге жакын мамлекеттик кызматкерлери, журналисттер жана жарандык коомдун окүлдөрү катышты. Биз Кыргыз Республикасын дүйнө менен байланыштырууга жардам берүү үчүн англис тилин жайылтууга умтулабыз. 

Энергетика жана климаттын өзгөрүүсү темасында, C5+1 саммитинде лидерлер Борбор Азиянын энергетикалык коопсуз келечекке карай кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Бул жаңы дүйнөлүк рынокторду ишенимдүү камсыздоо үчүн энергияны экспорттоо жолдорун диверсификациялоо менен бирге аймактык энергетикалык системаларды интеграциялоону камтыйт. Атап айтканда, лидерлер таза энергия өндүрүүнү көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн маанилүүлүгүн жана климаттын өзгөрүүсүн азайтуу жана адаптациялоо боюнча тең салмактуу мамилени чагылдырган климаттык туруктуу иш-аракеттерди баса белгилешти. 

Кыргыз Республикасы сыяктуу эле, Америка Кошмо Штаттары климаттын өзгөрүүсүн биргелешип аракет көрүүчү приоритеттүү маселе деп тааныйт. Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясындагы быйылкы кайрылуусунда айткандай, бул глобалдык көйгөйдү чечүү үчүн “глобалдык жамааттык аракет” зарыл. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүүсү тоолуу өлкөлөр үчүн өзгөчө коркунуч жаратаарына эл аралык көңүл буруу аракеттерин колдойт жана биз бул жаатта өнөктөштүктү улантуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз.

Бул саммит АКШ Борбор Азияга көбүрөөк маани бере баштады дегенди билдиреби?

Баса белгилеп кетейин – Борбор Азия Кошмо Штаттары үчүн дайыма маанилүү болуп келген. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон жана биз Борбор Азия мамлекеттеринин ар биринин эгемендүүлүгүн, туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иштөөнү улантып келебиз. Биздин аймакка болгон берилгендигибиз С5+1 форматынын 2015-жылы түзүлүшү, көптөгөн өркүндөтүлгөн стратегиялык өнөктөштүк диалогдору, жумушчу топтор, биз жыл сайын өткөргөн эки тараптуу консультациялар, ошондой эле АКШ өкмөтүнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн регионго сапарлары менен көрсөтүлөт. Улуттук коопсуздук кеңешинин ага директору Николас Берлинер айткандай, Кошмо Штаттардын Борбор Азияга кызыгуусунун деңгээлине кандайдыр бир шектенүүлөр болсо, C5+1 Президенттик саммити аларды токтотушу керек.

С5+1 Саммити Орусияга каршы санкцияларга жана келечекте АКШ менен Кытайдын ортосундагы мүмкүн болуучу тирешүүгө байланыштуубу?

Америка Кошмо Штаттары, Орусиянын Украинага каршы адилетсиз согушун улантуусун токтотуу үчүн бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда санкциялардын аткарылышын дыккаттык менен байкоодо. Биз кыргыз өкмөтү менен иштешип жатабыз – тогуз өзгөчө технологиялык багыттагы санкциялардан качуу аракеттери тууралуу маалыматты активдүү бөлүшүү аркылуу. Бул буюмдар Кыргыз Республикасына алынып келинип, андан соң согушта колдонуу үчүн Орусияга реэкспорттолот. Америка Кошмо Штаттары бул маселе боюнча кыргыз өнөктөштөрүбүз менен мындан аркы талкууларды жана маалымат алмашууну көздөйт. 

Бирок С5+1 президенттеринин саммити бир маселеге же бир өлкөгө багытталган эмес. Бул бардык мамлекеттердин көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жалпы урматтообузга негизделген позитивдүү, келечекке багытталган күн тартиби болчу.

АКШны Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалы тынчсызданабы? Чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам долбоору кандай коркунуч туудурат деп ойлойсуз?

Кыргызстандын жандуу жарандык коому жана массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын сыймыктуу жетишкендиктеринин бир бөлүгү гана болбостон, алар анын гүлдөп-өскөн келечеги үчүн да зарыл бөлүгү болуп саналат. Бирок, учурда парламенттин кароосунда жаткан мыйзам долбоору — үлкөн бөлүгү орус мызамдарынан көчүрүп алынган — Кыргыз Республикасында чоң эркиндик менен адам укуктарын мүмкүн кылган демократиялык институттарга коркунуч туудурат деген пикирдебиз. 

Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү менен болгон жолугушууларымда мен көптөгөн кыргызстандыктар бул мыйзамдар алардын эркиндиктерин жана маанилүү маалыматка жана кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдарды, жада калса Кыргызстандын жарандарына күн сайын маанилүү кызматтарды көрсөтүп келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды колдоо мүмкүнчүлүгүн чектөөгө алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун баса белгиледим. Саламаттыкты сактоону чыңдоо, мектепте туура тамактануу жана башталгыч мектептерде билим берүүнү өркүндөтүү сыяктуу тышкы жардам программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүбүз бейөкмөт уюмдар жана жарандык коом уюмдары аркылуу ишке ашып келет. 

Кыргыз элине таза жана ачык иштелип чыккан, өлкөнүн баалуулуктарына жана тарыхына шайкеш келген, эл аралык мыйзамдарга, анын ичинде адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактаган мыйзамдар керек. Чет өлкөдөн таңууланган көчүрмө мыйзамдар көп кыргызстандыктар туш болгон көйгөйлөрдү чече албайт. Албетте, өкмөттүн өз эрки, бирок мен кыргыз өкмөтүндөгү чечимдерди кабыл алуучулардан бул мыйзамды кылдаттык менен карап, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин коргоону суранам.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов өзүнүн макаласында АКШда ушундай эле FARA мыйзамы бар жана Кыргыз Республикасы бул жерде жаңы эч нерсе ойлоп таппай жатканын жазган. Сиздин пикириңиз?

Ооба, бул жалпы түшүнбөстүк. Мен макалаларда же жеке адамдард тарабынан Кыргыз парламенти карап жаткан мыйзам долбоорлордун айрымдары менен АКШнын чет элдик агенттерди каттоо – көбүнчө FARA деп аталган – мыйзамынын ортосунда жалган параллелдерди келтирген көптөгөн учурларды көрдүм. Менимче, бул салыштыруулар эч кандай мааниге ээ эмес, анткени алар мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу жөнүндө так эмес же толук эмес маалыматтарга негизделген. Бул кадыресе көрүнүш – мен элдин баары эле АКШнын мыйзамдары боюнча адис болот деп күтпөйм. Бирок мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, так маалымат берип, бир нече туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгаргым келет. 

Биринчиден, FARA иш жүзүндө “алдын ала ырастоо” процедурасы эмес, ачыкка чыгаруу же кабарлоо механизми катары иштейт. Башка сөз менен айтканда, FARA боюнча катталган ар кандай уюм кийлигишүүсүз өз ишин жүргүзө алат – болгону ал жөн гана АКШ өкмөтүнө билдирүүсү керек. FARA АКШ өкмөтүнө мекеменин ишин жөнгө салууга, анын жыйындарына катышууга же уюм өзүнүн уставына ылайык иш алып барып жатканын аныктоого уруксат бербейт. АКШ өкмөтү бир жактуу түрдө субъектти FARA реестрине жайгаштыра албайт – юридикалык жак так аныкталган укуктук стандарттарга ылайык соттук процедурадан өткөндөн кийин гана соттун чечими менен каттоодон өтүүгө мажбур болушу мүмкүн. 

Экинчиден, FARA аркылуу каттоо белгилүү бир шарттарда гана талап кылынарын баса белгилей кетүү маанилүү. Эгерде субъект чет өлкөлүк субъекттин буйругу, өтүнүчү, көрсөтмөсү же көзөмөлү боюнча иш-аракеттердин тар комплекси менен алектенсе, анда алар каттоодон өтүшү керек. Чет элдик булактан каржы алуу, мисалы, грант аркылуу – FARA боюнча субъектти автоматтык түрдө “чет элдик агент” кылбайт. Чынында, FARA “ак ниеттүү диний, схоластикалык, академиялык же илимий изденүүлөрдү же көркөм искусствону андан ары өркүндөтүү”, ошондой эле башка бейөкмөт уюмдардын иш-аракеттери үчүн белгилүү бир бошотууга ээ. 

Үчүнчүдөн, жана Жогорку Кеңеш карап жаткан мыйзам долбоорунан канчалык чоң айырмасы бар экени жагынан алганда эң маанилүүсү, FARA АКШ өкмөтүнө бейөкмөт уюмдардын ички иш-аракеттерине аралашууга уруксат бербейт, ошондой эле FARA бейөкмөт уюмдар менен чектелбейт же аларга атайын каршы багытталган эмес. Чындыгында, бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары FARAнын “чет элдик агент” деген аныктамасына сейрек туш болушат. 2023-жылдын сентябрына карата, FARAнын алдында катталган 500дөн ашуун субъектилердин үчөө гана жарандык коом уюмдары болуп саналат – бул Америка Кошмо Штаттарында иштеген 1,5 миллиондон ашык бейөкмөт уюмдардын болгонун эске алганда. Жана алардын көбү чет өлкөлүк каржылоону алышат же чет өлкөлүк байланыштары бар.

Кыргызстандагы айрым аткаминерлер Батыш менен АКШ каржылаган ЖМКлар алардын кызыкчылыгында иштеп, Кыргыз Республикасындагы саясий кырдаалды солкулдатып жатканын айтышууда. Сиздин пикириңиз?

Мен маселенин жалпы жагдайына көңүл бурайын, бейөкмөт уюмдар, коммерциялык эмес уюмдар жана көз карандысыз медиа уюмдардын маанилүү бөлүгү болгон жарандык коомго АКШнын колдоосу жөнүндө айткым келет. 

Америка Кошмо Штаттары, демократиянын өнүгүшү үчүн мамлекеттин көзөмөлүнөн көз карандысыз же өкмөттүн катышуусунан алыс болгон жарандык коом зарыл деп бекем ишенет. Мен жогоруда белгилегендей, Кошмо Штаттарында болжол менен 1,5 миллион бейөкмөт уюм бар, ошондой эле он миңдеген маалымат каражаттары, анын ичинде телерадио станциялары, веб-сайттар, гезиттер жана журналдар иштейт. 

АКШнын чет өлкөдөгү жарандык коомго көрсөткөн колдоосу АКШнын демократиялык өлкөлөргө көрсөткөн колдоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Күчтүү жарандык коом жарандардын жыргалчылыгы үчүн демократиялык салттарды бекемдейт. Мисалы, жарандык коом көбүнчө Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө тамак-аш, баш калкалоочу жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана юридикалык кеңеш сыяктуу маанилүү кызматтарды көрсөтөөрүн билебиз. Ал күн сайын кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу же жакшыртуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешет. Мен бул тууралуу жогоруда айткандай – АКШнын Кыргыз Республикасындагы көптөгөн тышкы жардам программалары көпчүлүк учурда бейөкмөт уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар аркылуу ишке ашырылат. 

Мисалы, АКШнын Айыл чарба министрлигинин билим берүү үчүн азык-түлүк программасын алалы – эл аралык коммерциялык эмес уюм тарабынан ишке ашырылып жатат – ал кыргызстандык балдарды өлкөнүн бардык башталгыч мектептеринде күн сайын ысык, аш болумдуу тамак менен камсыз кылат. Мен тамактануунун бардык окуучулардын окуусына көңүл бурушуна таасир бере ала турганын айырмалап көрдүм. Же АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Таласта үй бүлөлүк зордук-зомбулукка, үй-бүлөлөрдү бузган кылмыштарга кабылган аялдарга болгон колдоосу. Бул маанилүү иш кыргызстандык кризистик түзүм аркылуу ишке ашырылып, жапа чеккендерге психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүү ыкмаларын үйрөтүп, аларга өз кирешелерин алууга мүмкүнчүлүк түзөт. 

Көз карандысыз ЖМКлар жана жарандык коом уюмдары жарандарды өз өкмөттөрүнүн жоопкерчилигин жана анын элдин муктаждыктарына жооп беришин камсыздай алуусу үчүн кабардар кылып турушат. Кыргыз Республикасынын көз карандысыз медиа уюмдары эл аралык сыйлыктарга татыктуу репортаждарды даярдап, жана журналисттик иликтөө аркылуу коррупцияга каршы күрөштө роль ойнойт. АКШнын Кыргыз Республикасындагы көз карандысыз медиа уюмдарына көрсөткөн колдоосу кесипкөй журналистика үчүн потенциалды жогорулатууга багытталган, бул — объективдүү журналисттик стандарттарды сактоону, дезинформацияга бөгөт коюуну, жана журналисттер менен маалыматы бар жарандардын кийинки муунун тарбиялоо дегенди билдирет. Көз карандысыз медиа уюмдар, ошондой эле, Кыргыз Республикасында жаралган окуяларды дүйнөгө жайылтып келишет. YouTube’дагы эки популярдуу — “Акыркы Сабак” жана “Агай” сериалдары — АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен жаралган. 

Кыскасы, жарандык коом – бул коомдук жыргалчылыктын кыймылдаткычы. Бул күчтүү жана гүлдөгөн демократияны куруу үчүн зарыл. Ал эми Америка Кошмо Штаттары гүлдөп өнүккөн, көз карандысыз жана коопсуз Кыргыз Республикасын колдоого умтулат.