Бишкек, Кыргызстан (9-декабрь 2022) – Кыргыз Республикасынын 400дөн ашуун башталгыч мектеп жана 100 китепкана АКШнын Айыл чарба министрлигинин (USDA) МакГоверн-Доулдун билим берүү жана балдардын тамактануусу боюнча азык-түлүк программасынын алкагында 272 000 балдар китептерин алышат. Бул китептерди тапшыруу иш-чарасында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновго АКШ элчилигинин миссия башчысынын орун басары Соната Коултер тапшырды.
Берилген кыргыз жана орус тилдериндеги китептердин тизмесине жергиликтүү авторлор жана сүрөтчүлөр жараткан 72 жаңы жана ылайыкташтырылган китептер кирет. Алгач АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан “Окуу Керемет!” долбоордун алкагында, бул китептер эми Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарындагы көбүрөөк сандагы балдарга жете алат.
Долбоорго катышкан ар бир мектеп жана китепкана мектеп жашындагы балдарга ылайыктуу окуялар, жомоктор, ырлар жана башка кызыктуу мазмуну бар болжол менен 546 балдар китептерин алат. «Америка Кошмо Штаттары бүткүл өлкө боюнча балдардын сапаттуу, билим берүү окуу материалдарына жетүүсүн камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөш болгонуна сыймыктанат», – деди Миссиянын башчысынын орун басары Соната Коултер.
Китеп тапшыруу аземинен тышкары, Билим берүү министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр 2023-жылга карата билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдардын тамактануусу программасы боюнча иштерди талкуулашты. «Учурда Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактанууга көп көңүл буруп жатат. Ал эми мектепти тамактандыруу программасына комплекстүү мамиле кылуу өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн маанилүү”, – деп белгиледи Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов.
АКШ өкмөтүнүн бул беш жылдык программасынын жаңы айлампасы 2021-2026-жылдарга созулат. «Бардык долбоор тамактануу, билим берүү жана кыргыз жарандарынын кийинки муунун тарбиялоого коомчулуктун катышуусу менен байланышкан социалдык нормаларды жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган», – дейт Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы Программалар боюнча директору Нурзат Эсенгулова.
Беш жылдын ичинде программа Кыргыз Республикасынын алты облусунда: Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүйдө 400дөн ашуун мектепти жана 100 000 окуучуну камтыйт.
Мерсико – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. Мерсико 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу менен МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келет. Программанын жаңы айлампасы 2021–2026-жылдарга эсептелген. Толугураак маалымат алуу үчүн: : https://www.fas.usda.gov/programs/mcgovern-dole-food-education-program
####
Байланыш үчүн: Азиза Кочконбаева, коммуникация бөлүмү
Телефон: +996.312.986.701
Уюлдук тел.: +996.777.394.008
Email: akochkonbaeva@mercycorps.org