Кыргыз Республикасында Улуттук адабият күнү белгиленүүдө

USAIDдин «Бирге окуйбуз» проектиси Кыргыз Республикасында  Улуттук адабият күнүн белгилейт. Иш-чаранын максаты Чынгыз Айтматовдун  залкарлыгын даназалап, окуучуларды анын эмгектери менен тааныштыруу жана коомчулуктун китеп окууга кызыкчылыктарын арттыруу.

Улуттук адабият күнүн Бишкек шаарында, Чуй, Талас, Жалалабад, Баткен жана Ош облустарындагы башталгыч класстардын кызыктуу иш-чараларынын катарын  ачык сабактар,  көркөм окуу жана сүрөт сынактары, китеп жарманкеси жана адабий кечелер коштойт.

Бишкекте төмөндөгү иш-чаралар өтөт:

  • Бишкек шаарынын №15- орто мектебинде cаат 9.00 – 12.00 ге чейин башталгыч класстардын  окуучуларынын арасында дүйнө жүзүнө белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча  сүрөттөр сынагы өтөт.
  •  Кара Жыгач орто мектебинде  саат 9.00 – 10.00 го чейин Кыргызстандын белгилүү акын -жазуучулары  Ч.Айтматов, А.Осмонов, С.Эралиев жана башкалардын  чыгармаларын көркөм окуу боюнча кароо –сынак өтөт.
  • Бишкек шаарындагы соода борборлорунун аянттарында: ЦУМда  жана  Бишкек паркта «Айтматов жана окуу» акциясы өтөт. Катышуучуларга Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынан бир нече сүйлөм окуганга, ал кайсы чыгармасындагы саптардан экенин табууга мүмкүнчүлүктөр берилет. Бул иш-чарага педагогикалык окуу жайлардын волонтёрлору көмөктөшүшөт.
  • Улуттук адабият күнү өтө жаш майрамдардын бири, аны 2013-жылы биринчи жолу белгилешкен. Бул майрам улуу адабий классик Ч.Айтматовдун 12 – декабрдагы туулган күнүнө арналат.

USAIDдин «Бирге окуйбуз» проектиси Американын изилдөө институту жана «Балдарды коргоо» фонду менен бирдикте ишке ашырылууда. Проект 2013- жылдын июнь айында башталган, 2017- жылга чейин ишке ашырылат.

Проект Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин колдоосу менен башталгыч кластардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жана түшүнүп окуусун жогорулатуу максатында  мугалимдердин билим денгээлин жогорулатуу институту,  мектептер,  жамааттар жана менчик мекемелер менен ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө проект мугалимдердин билим денгээлин жогорулатууда 600дөн ашык башталгыч мектептерден 3000ден ашык мугалимдерди окутту. USAIDдин сапаттуу билим боюнча шериктештери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана эли менен ар бир баланын жарык келечеги үчүн бирдикте иш алып барат. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу көмөк көрсөтүү программасы катары «Бирге окуйбуз» проектиси Америка эли колдогон көп проектердин бири.