Кыргызстан боюнча бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө

Ар жылдын 1-декабрында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүндө бул жаатта биргеликте кылынган 35 жылдык иш-чаралардын жетишкендиктерди белгилөө кетүү маанилүү. Жакынкы убакытка чейин ВИЧ/СПИД инфекциясын жугузуп алган адамдын эч кандай шансы болгон эмес. Бүгүн болсо ар кыл өлкөлөрдүн биргеликте кылган иш-аракеттеринин арты менен, ооруу күчөп турган убакытка караганда жаңы жугузуп алуулардын саны эки эсе азайган. Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата көптөгөн иш-чаралар Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте өткөрүлөт. Бул иш-чаралар америка жана кыргыз элинин ортосундагы ВИЧке каршы күрөштө өнөктөштүгүнүн дагы бир белгиси болуп саналат.

28-ноябрда ВИЧти алдын алуу боюнча 5 айлык кампания аягына чыгат. Бул кампания Ысык-Көл облусунун 7 районунун саламаттыкты сактоо комитеттери тарабынан уюшулган. Бул кампанияны өткөрүүгө жергиликтүү администрация жана USAIDдин «Сапаттуу саламаттыкты сактоо» долбоору тарабынан колдоо көрсөтүлгөн. Кампаниянын алкагында социалдык теле жана радио роликтер, дил баян жана сүрөттөрдүн сынагы сыяктуу жана башка иш-чаралар өткөрүлгөн. Жергиликтүү жашоочулар ошондой эле ВИЧке бекер текшерилүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. 28-ноябрда кампаниянын катышуучулары өздөрүнүн жыйынтыктарын жана жетишкендиктерин тартуулоого, Чолпон-Атанын чоң көчөсүндө жөө маршка катышууга жана концертке күбө болууга чакырылат.

Ошто болсо 17-ноябрдан бери «Маалымат Кербени» аттуу жаштар кампаниясы өтүп келе жатат. Бул кампания Бишкек жана Жалал-Абадда өткөрүлүүдө. Анын Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жалпы жары: «Нөлгө умтулуу: жаңы жугуузулардын саны – 0. ВИЧтен каза тапкандардын саны – 0. Басынтуу – 0.»

1-декабрда бүт өлкө боюнча ВИЧти жуктуруп алуунун жогорку тобокелдик коркунучун туудуруп турган калк ичиндеги топтордун арасында иш-чаралар өтөт. USAIDдин «Диалог» долбоору каржылаган бул иш-чаралардын катышуучулар ВИЧти алдын алуу, симтомдору жана ВИЧ кантип жугаары, аны дарылоонун маанилүүлүгү, Кыргыз Республикасындагы ВИЧ боюнча программалар жана ресуртар боюнча, жана Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн тарыхы жана анын белгиси болгон кызыл лента тууралуу маалымат алышат.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү 25 жылдан бери белгиленип келет. Анын максаты – калкты ВИЧке каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен тааныштыруу жана ВИЧ ооруулууларга колдоо көрсөтүү. Бул күн ошондой эле жалпы калктын жана өкмөттун эсине ВИЧ бүгүнкү күндүн эң олуттуу маселелеринин бири болуп кала бере турганын салат. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда Кыргыз Республикасында ВИЧ оорусу менен 5586 адам жашайт, бирок адистер бул сан чынында кыйла жогору деп айтып келишет. Өлкөдө эң көп жугузуу учурлары нарко заттарды сайынууда жалпы ийненин колдонууда жана жыныстык катнаш учурунда болот.

Бул багытта жетишкендиктерге карабастан ВИЧти дагы деле башкаруу мүмкүн эмес.  СПИД ооруусу менен оорубаган муун – бул жеткиликтүү максат, бирок аны ишке ашыруу үчүн керектүү жардам керектүү учурда керектүү жерде көрсөтүлүш керек. Керектүү жардам – бул ВИЧ менен күрөшүүдө туура багыт. Керектүү жер дегенибиз бул конкреттүү региондордо жана жуктуруп алуунун жогорку тобокелдик коркунучун туудуруп турган калк ичиндеги топтордун арасында иш жүргүзүү. Керектүү убакыт дегенибиз – ВИЧ менен күрөшүүдө стратегиялык иш ашып баруу.

USAID Кыргыз Республикасынын жараандарына жана өкмөтүнө ВИЧ менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү үчүн бир нече долбоор алып барат: «ВИЧ жана кургак учук боюнча диалог», «Сапаттуу саламаттыкты сактоо», «ВИЧ ооруулуулардын арасында ЛИДЕР», «ВИЧке каршы аракет». Бул долбоорлорду Abt Associates Inc, Population Services International, «Чыгыш-Батыш» СПИД Фонду, ВИЧ ооруулуулардын Борбордук Азиядагы Ассоциациясы жана ХОУП Проектиси ишке ашырат.