Кыргызстандын музейлери келүүчүлөрдү тартуу үчүн жаңы долбоорлорду иштеп чыгышты

2016-жылдын 15-ноябры

Бишкек, Кыргызстан – 2016-жылдын 16-ноябрында “Хаятт Ридженси Бишкек” мейманканасында Кыргызстандын 17 алдыңкы музейлери көргөзмөлөрдүн сапатын жакшыртуу жана программаларын ар түрдүүлүгүн кеңейтүү максатында жеке секторунан потенциалдуу өнөктөштөрү жана эл аралык донорлор үчүн долбоорлордун концепцияларын сунуш кылышат. Бул бет ачуу аземи алты айдын ичинде Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси” тарабынан  өткөрүлгөн интенсивдүү окутуу программасынын натыйжасы болуп саналат.

Программа жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн кызыктуураак музей көргөзмөлөрдү уюштуруу аркылуу Кыргыз Республикасында  туризмди кеңири жайылтууга жана туристтик тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. Акыркы алты айдын ичинде эл аралык эксперттер Кыргызстандын музейлеринин жана искусство тармагында башкаруу жүргүзгөн  уюмдарынын 30 өкүлдөрү үчүн башкаруу, маркетинг жана музейлерди илгерилетүү боюнча окутуу өткөрүшкөн.

Программа Кыргызстандын улуттук мурасын коргогон жана алга жылдырган алдыңкы уюм “Музейлик демилгелер борбору” менен биргеликте ишке ашырылган.

Бет ачуу аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни айым, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, банктардын, инвестициялык фонддордун, донорлордун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Презентация саат 9:30да башталат.